Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:06

Орусия: "кара тизмеге" кирген мигранттар көбөйдү


Орусиядагы кыргызстандык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын 74 миңдей жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынды. Адистердин эсебинде, "кара тизмеге" киргендердин саны мындан алда канча көп. Ал арада Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттарды 30-сентябрга чейин документтерин эреже-талаптагыдай ирээтке келтирүү керектигин эскертти.

Москвада иштеп жүргөн Марат ушул жылдын май айында Кыргызстанга келип, кайра кайтарда "кара тизмеге" кирип калганын билген. Анын айтымында, эки айып пулдун айынан ага Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

"Кыргызстанга 3-майда билет сатып алгам, кайра кайта турган билетти 13-майга алгам. Айдоочулук күбөлүгүмдүн мөөнөтү аяктап, ошону алмаштырайын деп он күнгө келгем. "Кара тизмеге" кирип калганымды кайра кайтайын деп жатканда билдим. 2019-жылы бир айып пул бар болчу, бирок аны эртеси эле төлөгөм. Анан 2020-жылы дагы бир айып пул бар болчу. Экөө тең эле административдик айып пул болчу. Бирөөндө жолдо жүргүнчүлөр өтө турган жерден токтобой өтүп кеткем, экинчиси, Москвада баары эле катталган жеринде жашабайт да, рейд учурунда башка батирден кармашып, ошол жерден салынган. Бирок экөө тең төлөнгөн болчу. Анан эмне болду деп текшертсем, "кара тизмеге" 24-апрелде киргизишкен экен. Канча мөөнөткө, кандай кылып киргизишкенин деле билбейм, текшерген жокмун. Эми мунапыс болуп калат дегендей кылып атышат. Анын канчасы чын, канчасы калп экенин билбейм. Мобул пандемия учурунда аябай көп адамга айып пул салынды да. Бет кабы, кол кабы жок көчөгө чыгып алгандарга дагы салынды. Кээ бирөө мисалы, коомдук транспортко түшүп, жол киресинин түгөнгөнүн унутуп калса алар да айып пулга илинип калды. ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин ушундай чектөөлөрдү койбой эле койсо болмок. Эгер бул жактын мыйзамын сыйлабай одоно бузса, кылмыш кылса бир жөн. Азыр болсо көп адамдар жөндөн-жөн эле илинип калып жатат. Ушунун айынан бул жактагы ипотекасын, насыясын төлөй албагандар көп".


Рашид Кошалиевге Орусияга кирүүгө 2017-жылы эле тыюу салынган. Ал ошондон бери "кара тизмеден" чыгууга аракет кылып жүргөнүн, орто жолдо алданып да калганын айтып берди.

"Кыргызстанга келгенден кийин кайрылбаган жерим калган жок. "Кара тизмеден" чыгарганга жардам беребиз деген балдарга дагы алданып калдым, аларга 10 миң, беш миң, 15 миң сомдон которуп жатып, бир топ акча берген элем. Менин миграциялык документтерим таза эле болчу. Кыргыз балдарга каттоо документтеримди жасаткам, бирок ал базадан чыкпай калыптыр. Кыргызстанга 2017-жылы келгем, ошондон бери кире албай калдым. Бул жакта кымбатчылык болуп жатканда барып бир аз иштеп келейин дегем. Азыр "кара тизмеден" чыгуунун айласын таппай, бардык жерге кайрылып, аргам кетип жүрөм".

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, оор кылмыш жасап же олуттуу мыйзам бузуп “кара тизмеге” илинген чет өлкөлүктөргө бул мамлекетке кирүүгө биротоло тыюу салынат. Ал эми административдик мыйзам бузгандардын көбү үч-беш жылга чейин киргизилбейт.

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ушул тушта Орусия 74 миң кыргызстандык жаранга кирүүгө тыюу салганын билдирди. Мекеме алардын көбүнө мындай чечимди сот чыгарганын маалымдады. Москвадагы кыргызстандык жеке ишкер Азамат Адылгазиевдин баамында, "кара тизмеге" илингендердин саны мындан да көп.

Азамат Адылгазиев.
Азамат Адылгазиев.

"Эки айып пулдун айынан канча адам илинди. 74 миң жөн эле сан болушу керек. "Кара тизмеге" киргендердин саны 100-150 миңдей болушу мүмкүн. Эки айып пул салынган, бирок аны билип, "Кыргызстанга барбай эле коеюн" деп бул жактан чыкпай жүргөн кишилер да көп. "Үч жыл чыкпай койсом, кара тизмедеги мөөнөт бүтөт, ошондо барып келейин" дегендер бар. Билбей эле Кыргызстанга кетип, келбей калганы канча. Мындайлар күндө түшүп жатат да. Бул маселени чечсе болсо эле керек. ТИМби, же президенттер сүйлөшүппү, айтор чечсе болсо керек. Эки айып пул менен эле "кара тизмеге" алуу Бажы биримдигинин балким мыйзамдарына деле туура келбейт. Мисалы, Москвада ар бир кадам сайын эле камера. Такси айдаган адам айып пулга илинбей калышы мүмкүн эмес. Бул маселе боюнча Атамбаев президент болуп турган учурда да кайрылганбыз. Садыр Жапаровго дагы айтканбыз. Бирок ошол боюнча эле каралбай калды".

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-июлда жарлык чыгарып, мигранттарга документ ирээттөө үчүн берилген мөөнөттү 30-сентябрга чейин узарткан.

Орусиядагы кыргызстандык адвокат Эрланбек Токтосунов соңку кездери текшерүү күчөп, миграциялык саясат катаалдаганын айтып берди.

Эрланбек Токтосунов.
Эрланбек Токтосунов.

"Миграциялык маселелер боюнча күнүнө 30-40тай телефон чалуу болот. Текшерүүлөр 15-августтан тартып күчөгөн. Биз, жеке мен буга чейин социалдык тармактар аркылуу мекендештерибизге кайрылып, маалымат берип тургам. Орусияда жүрүм-турум абалдарын мыйзамдаштырып алуу керектигин айтып жаткам. Акыркы мезгилде эки же андан ашык айып пул салынгандарды Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салып келе жатышат. Көпчүлүк учурда өзүбүздүн жарандарыбыз дагы кайдыгер мамиле жасап коюп жатат. Көпчүлүк учурда жашаган жери, же иштеген жери боюнча катталбайт. Туура эмес түшүнүп алып, такыр эле каттоого турбай койгон жарандарыбыз дагы аз эмес. Көпчүлүгбүз Орусиянын мыйзамдарын сактаганга аракеттенишибиз керек. Миграциялык саясат барган сайын катаалдап жатат".

Тышкы иштер министрлиги “кара тизмедеги” Орусиядагы журтташтарга бул өлкөгө кирүүгө тыюу салуунун мөөнөтүнүн аякташын күтүү керектигин билдирди. Ошондой эле даттанууга негиз болсо сотко кайрылууну сунуштады.


ТИМге караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борборунун ишеним телефонунун оператору Бердибек Мырзакматов "кара тизмеден" чыгуунун эки гана жолу бар экенин белгиледи.

"Азыр бир күндө орто эсеп менен 150-200дөй адам кайрылат. "Кара тизмеден" чыгуунун эки эле жолу бар. Биринчиси, ата-энеси, же жубайы Орусиянын жараны болсо, ошол учурда гана алар Орусиянын Миграциялык кызматына кайрылып арыз жазса, ошол учурда чыгышы мүмкүн. Же болбосо ошол жерден адвокат жалдап, соттошуусу керек. Ушул эки гана ыкма бар".

Деген менен Орусияда мигранттарга юридикалык көмөк көрсөткөн Гүлиза Акматсияева үй-бүлө мүчөсү бул өлкөнүн жараны болгон адамдардын укугун сотто талашуу оңой-олтоң болбой жатканын кеп салды.

Гүлиза Акматсияева.
Гүлиза Акматсияева.

"Сот аркылуу "кара тизмеден" чыгаруу абдан татаал. Адам укугу боюнча конвенция мыйзамдан жогору турат, "үй-бүлө ажырабашы керек" деп далилдегенге аябай аракет кыласың. Мен азыр бул жакта үй-бүлөсү барларды "кара тизмеден" чыгартканга аракет кылып жатам. Сотттон утуп алган учурларым бар. Акыркы жолу утуп алган сот жараянында мен коргогон адамдын 36 айып пулу бар экен. Анын аялы жана жашы жете элек баласы Орусиянын жарандары экен. Мен анын жашы жете элек баласы бар деп айтып жатып, судья аны "кара тизмеден" чыгарды. ИИМдин өкүлдөрү болсо "жок, ал өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратты" деп айтып жатат. Мен болсо "жок, ал эч кандай чоочун аймакка коркунуч жараткан жок" десем, алар болбой эле мыйзамды ошондой чечмелеп келишет".

Жазында орус бийлиги 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен. Расмий маалыматтарга ылайык, ушул тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны бир миллиондон көп экени айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG