Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

“Кара тизмени” саясий чечим "агартабы"?


Москвадагы мигранттар
Москвадагы мигранттар

Орусиянын миграциялык кызматынын департамент жетекчиси Сергей Темрякович Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга киргенден кийин деле анын миграциялык мыйзамдарын бузган жарандарына кечирим болбой турганын эскертти.

Муну менен расмий маалымат боюнча "кара тизмедеги" жана тобокел тобундагы эмгек мигранттарын кошкондо 250 миңге чукул кыргыз жараны Орусияга кире албай калат. Ошондуктан кыргыз диаспораларынын “Замандаш” бирлиги бул маселеге эки мамлекет жетекчилигинин саясий кийлигишүүсүн талап кылды.

Орусиянын федералдык миграциялык кызматынын чет элдик жарандар менен иштөө департаментинин жетекчиси Сергей Темрякович "кара тизмедеги" кыргыз жарандарына мунапыс берилбестигин билдирди. Бул боюнча орус басма сөзүнүн бүткүл дүйнөлүк конгрессинде сүйлөгөн Темрякович мыйзам бардыгы үчүн бирдей экенин айтып, "кара тизме" мындан ары да миграциялык мыйзамды бузган кыргыз жарандары менен толуктала берерин белгилеген. Бирок кыргыз тарабы Орусиядан мунапыс алуунун мыйзамдуу жолдорун талап кылууда.

Кыргыз диаспораларынын “Замандаш” бирлигинин төрагасы Майрамбек Жапанов Орусиядан мунапыс суроонун өзгөчөлүгүнө токтолду:

- “Кара тизме” боюнча биз өкмөткө эки ирет кайрылганбыз. Анда Орусиядан кыргыз жарандары үчүн миграциялык мунапыс суроо сунушу айтылган. Биз миграциялык мыйзамдарды бузгандарды жөн эле андан чыгарып койгула деп догурунуп жаткан жокпуз. Биз ошол “кара тизме” кандайча түзүлгөн, ага кимдер кирип калган, мына ошонун бардыгын териштирип туруп, анан чечим кабыл алгыла дегенбиз. Мекендештерибиз майда-барат эреже бузуулар үчүн ошол тизмеге кирип калып жатпайбы. Биз 3 же 5 жылга чейин Орусиянын аймагына киргизилбейт деген чечимдерди гана кайра каратып, жазана салдыруу аркылуу ошол мөөнөттү 3-4 айлык мөөнөткө кыскартып беришин сураганбыз. Мында эч кандай мыйзам бузуу жок.

Тобокелчилик топтору

Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевден кыргыз жарандарын "кара тизмеден" чыгарууну өтүнгөн. Бирок бул өтүнүчкө карата Кремль кандайдыр бир жооп бере элек.

Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанбаев учурда "кара тизмедеги" кыргыз жарандарына мунапыс берүү сунушу Москвада каралып жатканын айтты:

Алмаз Асанбаев
Алмаз Асанбаев

- Негизи биздин өкмөт миграциялык мыйзамды бузду деп табылган жарандарыбызды жалпы эле “кара тизмеден” чыгарууну сураганбыз. Бирок ал жактагы адистер анда ал Орусиянын мыйзамына каршы келип калат деп болбой коюшкан. Бирок биз ага карабастан кайрадан суроо-талап жөнөтүп жатабыз. Анан калса, бир экономикалык союзга кирип жаткан соң абалды түшүнүү менен кабыл алгыла деген өтүнүч келтирилген. Эми ошону жогору жагы карап чыкса, бир чечим болот деп күтүп турабыз.

Учурда Орусияда иштеп жүрүп “кара тизмеге” илинген жана мекенине депортацияланган кыргыз жарандарынын саны 77 миң адамды түздү. Бул көрсөткүч мындан ары дагы жогору карай өсүшү күтүлөт. Анткени Орусиянын аймагында жүрүп миграциялык мыйзамдарды бузуу менен тобокелчилик тобуна кирген кыргызстандык эмгек мигранттардын саны 250 миңге чамалап барат. Майрамбек Жапановдун айтымында, алар чек арадан чыгаары менен кайра Орусияга кире албай калышат:

- Биз бул жактан “кара тизмеге” кирип калган жарандарды чыгара албай жатсак, тобокелчилик топторуна кирип калган жарандардын саны эле бир топко жетип калыптыр. Алар мына ошол тизмеге кире турган потенциалдуу талапкерлер. Алардын көпчүлүгү Кыргызстандагыдай эле жүрүп, каттоого турбай же ал жактагы миграциялык мөөнөтү өтүп кеткендер. Алар Орусиядан чыгары менен кайра артка киргизилбейт. Мына ошондо биздин ал жактагы мигранттардын жарымына жакыны Орусияга кайра кирбей калуусу мүмкүн.

Добуш берүүгө алмашылган мунапыс

Орусиянын федералдык миграция кызматы мыйзамды бузуу менен кыргыз жарандарына карата өзгөчө шарттарды камсыздап бере албастыгын айткан.

Москва облусундагы миграциялык борбор
Москва облусундагы миграциялык борбор

Кыргыз тарабы орус өкмөтүнө былтыр молдован жарандарына колдонулган мунапысты эске салган. Жаштар, эмгек жана миграция министринин орун басары Алмаз Асанбаев мында укуктук негизде эмес, саясий чечим керектигин айтты:

- Бул жерде саясий чечим кабыл алуу маселеси турат. Биз былтыр Молдованын жарандарына колдонулган мунапысты бизге дагы колдонуп бергиле деп суранып жатабыз. Анткени былтыр Орусиядагы молдовандарга “мекениңерге барып, шайлоого катышып келсеңер, миграциялык мыйзамды бузуу боюнча аракеттериңер кечирилип, мунапыс аласыңар” деген сунуш болгон. Бизде да күздө парламенттик шайлоо болот. Ошонун алдында биз Орусиядан биздин жанагы тобокелчилик топторуна кирип калган же “кара тизмедеги” жарандарды шайлоого катышып келген соң аларга мунапыс берүү жагын чечип бергиле деп жатабыз.

Кыргыз өкмөтүнүн расмий маалыматы боюнча, Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Буга чейин кыргыз өкмөтү өлкө Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин Орусия “кара тизмедеги” эмгек мигранттарына мунапыс бере турганын жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG