Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Оорусаң Орусияга кирбейсиң


Орусияда "кара тизмеге" кирген кыргызстандык мигранттардын саны 40 миңге жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы учурда жугуштуу дартка чалдыккан мигранттарды мындай тизмеге киргизип, өлкөдөн чыгарып жатат.

24 жаштагы Нурбек Москвада эмгектенген мигранттардын бири. Ал Орусияда иштеп жүрүп кургак учук илдетине чалдыккан. Учурда Бишкекке келип, ооруканада дарыланып жатат:

- Акыркы бир жарым жылдай сыз жерде иштегем. Ошондо таптым окшойт ушул ооруну. Негизи эле шарты жок жайларда жашап, тамакты өз убагында ичпей эле жүргөнбүз да.

Орусияда миграция эрежелери катаалдангандан бери Нурбек сыяктуу кургак учукка чалдыккан жарандар эч кандай мыйзам бузбаса деле “кара тизмеге” киргизилип, өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн. Мындай чечимди Орусиянын тиешелүү органдары кабыл алганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин бөлүм башчысы Бактыбек Үмөтов “Азаттыкка” билдирди:

- Орусиянын “Роспотребнадзор” аттуу органы инфекциялык ооруга чалдыккан же көпчүлүк үчүн коркунуч алып келген дарт менен ооругандарды "кара тизмеге" киргизүүдө. Мисалы, биздин жаран ооруп калып Орусияда ооруканага кайрылса, бул тууралуу оорукана тиешелүү органдарга маалыматты жиберет. Ошентип оорукчан мигранттар “кара тизмеге” кирип калып жатышат.

Бул жерде сөз негизинен СПИД жана кургак учук сыяктуу жугуштуу дарттар тууралуу болууда. Москвадагы “Маяк” деп аталган медициналык борбордун дарыгери Эдил Мукашевдин билдиришинче, бул ооруга чалдыккандардын маселеси мигранттардын арасында курч. Ошондуктан Мукашев орус бийликтери бул маселеге көңүл бура баштады деп эсептейт:

- Негизинен Москвада кургак учук же СПИДге чалдыккан мигранттар көп деп айта албайм. Ошол эле учурда аз деп да айтуу кыйын. Себеби көпчүлүк мигранттар ооруса деле текшерилбей жүрө беришет. Биз деле ооруп калган мигранттарга “Кыргызстанга кет” деп айтабыз. Анткени бул жакта каттоосу жок болгондон кийин тиешелүү деңгээлде дарылана албайт.

Ал ортодо укук коргоочулар орус бийликтеринин мигранттардын саламаттыгына жараша "кара тизмеге" киргизүү демилгесине каршы пикирин билдирип чыкты. Маселен, мигранттардын укугун коргоо жаатында алектенип келаткан “Бир дүйнө” укук коргоо кыймылынын өкүлү Гүлмира Эсенгелдиеванын айтымында, мындай чара адам укугун бузуу болуп саналат:

- Чындыгында бул адам укугун бузууга жатат. Ар бир адам эле ооруп калышы мүмкүн. Анын оорусуна жараша өлкөгө киргизбей коюу мыйзамга да, этикага да каршы келет. Албетте Орусиянын мыйзам бузган жарандарды өлкөдөн чыгарууга укугу бар. Бирок ден соолугуна жараша чыгарып салуу туура эмес.

"Кара тизме" кайгысы уланууда

Негизинен Орусия быйылтан тарта миграциялык эрежелерди катаалдантып, мыйзам бузган мигранттарды өлкө ичине кирүү укугунан убактылуу ажырата баштаган. Буга чейин мындай тизмеге 31 миңге жакын кыргызстандык киргени белгилүү болгон.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин бөлүм башчысы Бактыбек Үмөтовдун маалыматында, акыркы учурда "кара тизмеге" кирген кыргызстандыктардын саны 40 миңге жетти:

- Учурда “кара тизмеге” кирген кыргызстандык жарандардын саны 40 миңге жакындады. Мындай маалыматты Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын тиешелүү органдарынан алган. Биз ушуга таянып айтып жатабыз. Мындай тизмеге кирген адамдар белгилүү бир мөөнөткө чейин Орусиянын аймагына кайра киришине чектөө коюлат. Бул чектөө соттун чечимине жараша аныкталып, үч жылдан баштап, андан көп мөөнөткө созулушу мүмкүн.

Буга чейин кыргызстандыктар Орусиянын миграциялык жана башка мыйзамдарын бузган жарандар боюнча тизмени “Манас” аба майданындагы “Добрососедство” коомдук фонду ачкан борбордон жана Орусиянын Федералдык миграция кызматынын расмий сайтынан алып келген. Бирок аталган тизмедеги маалыматтар туура эмес чыгып, андан тактап, Орусияга кеткен жарандар киргизилбей кайра кайткан учурлар болгон.

“Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын вице-президенти Кайрат Итибаевдин билдиришинче, учурда Орусияга барып кайра кайткандардын аягы дагы деле сээлдей элек:

- Азыр деле андай учурлар болуп жатат. Бир каттамдан 5тен 8ге чейин жүргүнчү кайра кайтат. Бул эми мигранттарга жана авиакомпанияларга жаман эле болуп жатат. Чыгым тартып жатабыз.

Ал эми Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин бул боюнча өз түшүндүрмөсү бар. Аталган министрликтин миграциялык саясат бөлүмүнүн өкүлү Улугбек Бакеновдун айтымында, Кыргызстанда учурда Федералдык миграция кызматынын гана "кара тизмеси” ачык болуп жатат. Бирок орус өкмөтүндө мигранттарга тиешеси бар дагы сегиз мекеменин мындай тизмелеринде канча жаран бары азырынча белгисиз:

- Бул жактан тактап кетип эле Орусияга барганда "кара тизмеде" болуп калган учурлар катталууда. Андайлар бизге деле кайрылды. Мунун себеби Орусияда Миграция кызматынан башка да 8 орган мыйзам бузган мигранттардын тизмесин түзгөн. Бизде болсо Федералдык миграция кызматынан гана тизмеси илинип турат. Ошондуктан башка органдардын кара тизмесине кирген жарандар ал өлкөнүн аймагына киргизилбей жатат. Учурда биз ушул Орусиядагы бардык органдардын кара тизмесин бириктирип, биздин жарандарга тиешелүү “бирдиктүү тизмени” түзүү боюнча аракет кылып жатабыз.

Бакенов кошумчалагандай, Орусиянын Федералдык миграция кызматынын "кара тизмеси" "Манас" аэропортунда гана илинип турат. Жакында бул тизмени Бишкектеги темир жол вокзалына жана Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларындагы министрлик башкармалыктарына илүү мерчемделүүдө.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG