Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

"Кара тизмедегилер" кайта баштады


Сентябрдан тарта Орусия аймагына кире албай кайтып келген кыргызстандыктардын саны кескин көбөйдү. Учурда орус чек арачыларынын колунда Орусияга кирүүсүнө тыюу салынган 250 миң чет элдиктердин тизмеси бар экендиги айтылууда.

"Манас" аба майданында кечке маал Москвадан учуп келген рейстен Орусия аймагына киргизилбесин деген маанидеги буйрук кагазды кармап эки жигит түштү. Алардын бири Байышты маектешүүгө араң көндүрдүк:

- Түшүндүрүшкөн жок. Эмнеге киргизбей коюшканын өздөрү айта алышкан жок. Эртең консулдук, элчиликке барып сурайбыз. Мен Оштон учкам, мени Бишкекке, карабалталык жигитти Ошко салышты. Ташкенттик бирөөнү дагы бир шаарга, ал жактыкты Ташкентке, иши кылып чаташтырып салып ийишти. Менин айылыман да ушинтип кайтып келип аткандар бар, бир ай мурда башталган. Мен тоготпой жөнөй берип, ушундай болду.

Байыш эми Орусияга 5 жылдан кийин гана кире алышы мүмкүн. Ошондой эле айрымдарына 3 жылга чейин чектөө коюлган. Мындан тышкары, Орусияга алгач ирет бараткандардын арасында да кире албай калгандары бар деп бир нече адамдан уктук, бирок алардын өзүнө жолуга алган жокпуз.

"Авиатрафик" - Орусияга жүргүнчү ташыган Кыргызстандагы 4 авиакомпаниянын бири. Компаниянын "Манас" аба майданындагы башкы өкүлү Кадырбек Көчөрбаев сентябрь айынан тарта Орусияга кире албай кайткан кыргызстандыктардын саны кескин көбөйүүдө дейт.

- Москва, Новосибирск, Екатеринбург, Казан сыяктуу чоң шаарларга каттайбыз. Биз бул боюнча отчет жүргүзөбүз. Кире албай кайтып келгендер сентябрдан бери 300гө жакындап калды. Бул бир эле биздин компаниядагы маалымат. Башка 4 компанияда да ушундай маселе.

Кирүүгө уруксат берилбегендер дароо өлкө аймагынан чыгарылсын деген эскертме алышкандыктан авиакомпания аларды кийинки рейс менен кайра алып келүүгө аргасыз. Мындай болгондо айрым учурда билети бар жүргүнчүлөр учакка отурбай калууда.

Ушундай жагдайлардан улам "Авиатрафик" миллион сомдон ашуун зыянга учураганын билдирүүдө. Ошондой эле, кайра кайтарылган жүргүнчүлөрдүн жүктөрү да кечигип, маселе жаратууда.

"Манас" аба майданынын вице-президенти Нурлан Мамыровдун айтымында, Орусияга кеткен ар бир жүз жүргүнчүдөн кеминде бешөө кайтарылууда.

- Парковкага төлөбөй коёбу, салык төлөбөй коёбу, же патенти жокпу, же бир нерсе уурдайбы, айтор ушулардын баары өзүнчө маалымат базасына катталып коюлат. Ал эми айыпка жыгылгандар балким муну билбеши мүмкүн. Билбестен Кыргызстанга келип, бир айдай эс алып, кайра кетип атканда киргизбей атышат. Алар маалымат базасын жарым жыл мурда түзүштү окшойт. Ага чейин деле бар болчу, бирок киргизбей коюшчу эмес. Акыркы маалымат боюнча ошол базанын ичинде 250 миңден ашуун киши бар экен.

Ошентип Орусияга бараткандардын акчасы менен убактысы күйбөш үчүн “Манас” аба майданы орусиялык “Добрососедство” фонду менен биргелешип Миграциялык борбор ачышкан. Ал аба майдандын 2-кабатында, чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөрдү каттоочу жайдын жанында орун алган.

Мына ошол жерге барып, орусиялык кара тизмеде бар-жогун тактап алууга болот. Биз менен маектешкенден кийин ал жерге эки жүргүнчү кайрылды.

Бирок мындай тизме азырынча "Манаста" гана бар. Бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрүнө кураторлук кылган орун басары Аскар Бешимовго кайрылдык:

- Менин коллегам Оторбаев (Эринес Оторбаев - ТИМ министринин орун басары – ред.) азыр ушул боюнча сүйлөшүп атат, тизмени кантип бири-бирибизге беришүү боюнча.

Мындан тышкары автобус, поезд менен кеткен жүргүнчүлөр арасында да Орусияга кире албай кайтып келгендер көбөйүп жатканынан кабардар болдук. "Азаттык" бул темага дагы кайрылып, маалымат алчу пункттар кайсы жерлерде ачылганын кабарлап турмакчы.

Орусия кыргызстандыктарды киргизбей жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

XS
SM
MD
LG