Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Европа соту түркмөн жаранын Орусиядан мекенине өткөрүүгө тыюу салды


Адам укуктары боюнча Европа сотунун имараты. Страсбург шаары, Франция
Адам укуктары боюнча Европа сотунун имараты. Страсбург шаары, Франция

Адам укуктары боюнча Европа соту териштирүү аяктамайынча түркмөн жараны Ахмет Жумадурдыевди Орусиядан мекенине өткөрүп берүүгө тыюу салды. Бул тууралуу “Мемориал” укук коргоо уюму билдирди. Мурдагы студент Түркмөнстанда диний экстремизм үчүн изделүүдө. Ал буга чейин Орусия жана Эстонияда башпаанек алууга аракеттенип, чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн кармалган. Жумадурдыев ушу тапта Санкт-Петербургдун жанындагы депортациялык жайда отурат. Орус атайын кызматы ага 2055-жылга чейин Орусияга кирүүгө тыюу салганынан Жумадурдыев жакында гана кабардар болгон. Укук коргоочулар айыптоо түркмөн бийлигинин гана айткандарына негизделген студенттин Орусиянын коопсуздугуна кандай коркунуч жаратканы түшүнүксүз деп айтышат.

Түркмөн жараны 2017-жылы Пулково аэропортунда паспорт текшерүү маалында кармалган. Бир жылдан кийин аны прокуратуранын чечими менен бошотушкан. Бир тууган агасы ошол эле иш боюнча 25 жылга кесилген. Орусияда окуган дагы 11 студентке издөө жарыяланган. Экөө каникулга барган маалда кармалып, 15 жылдан эркинен ажыратылган.

Европа соту өз чечимин чыгарганда мамлекетти адамдын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо боюнча кечиктирилгис чара көрүүгө милдеттендирген беренени колдонгон. Бул беренени өтө сейрек пайдаланышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG