Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

​​​​​​​Ош: союздан калган жатакана үчүн кармаш


Ош шаарындагы “Ак-Мөөр” жатаканасы, 7-октябрь, 2021-жыл.
Ош шаарындагы “Ак-Мөөр” жатаканасы, 7-октябрь, 2021-жыл.

Сот аткаруучулар 6-октябрда Ош шаарындагы “Ак-Мөөр” жатаканасында жашагандарды имараттан чыгарып, акт түзүп кетишкен.​ Бирок тургундар "суукта кайда барабыз?" деп кулпуларды бузуп кайра кирип алышкан.

"Ак мөөр" жатаканасында 80ден ашык үй-бүлө жашайт. СССР убагында жибек чыгаруучу "Текстильщик" ачык акционердик коомуна таандык санаторий болгон. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин текстил ишканасында иштеген 83 үй-бүлө мекеменин "жолдомосу" менен кирип, туруктуу жашап калган.

2002-жылы жолдомо менен келип жашап калганын айткан Тургун Мойдунованын алты баласы бар. Алар 6-октябрда жатаканадан күч менен чыгарылгандан кийин, кайра кирип алышканын айтты.

Тургун Мойдунова
Тургун Мойдунова

"Тебелеп-тепсеп 40 киши келиптир. Үйдөн чыгарып, эшиктерди пломбалап койду. Жамгырда бир сыйра эле кийимдерибиз менен калган элек. Кечинде түнкү саат экилерде эшиктерди ачып кирип, кийимдерибизди алдык. Азыр жашап атабыз. Бизди эч ким укпай жатат".

"Текстильщик" 2008-жылы "Ош электро" ишканасына 5 млн. сомдон ашуун карыз болуп калган. Ошондуктан санаторийдин имараты аукционго коюлган. Аны жеке ишкер Ибайдилла Бидинов 4 млн. 639 миң сомго сатып алган.

Анын жактоочусу билдиргендей, үйдү бошотуу боюнча тургундар менен бир келишимге келе алышкан эмес. Ошондуктан сотко арыз беришкен.

Аукцион өткөндөн кийин анын мыйзамдуулугуна ишенбестик билдирип, жатакана тургундары сотко кайрылышкан. Соттук териштирүүлөр 2010-жылдын аягында башталган. Сот иши 2017-жылга чейин созулган. Акыркы чечимди Жогорку сот ишкердин пайдасына чыгарган.

Бидиновдун жактоочусу Асел Назарбекова тургундарды 2017-жылдан бери "мыйзамсыз жашап жүрөт" деди.

Асель Назарбекова.
Асель Назарбекова.

"Тургундар ошончо жылдан бери светке акча төлөгөн эмес. Азыр бул имараттын "Ош электрого" карызы 3,5 миллион сом болуптур. Былтыр шаардык "Ош суу канал" муниципалдык ишканасына кат жөнөткөнүмдө 33 миң сом деп келген. Быйыл 56 миң сом келиптир. Демек, бул жердеги жашоочулар жашаганы аз келгенсип, коммуналдык чыгымдарды да төлөшпөйт экен".

Экинчи топтогу майып Разия Исмаилованын жатаканада жашаганына 20 жылдан ашты. 64 жаштагы жалгыз бой эненин билдиришинче жактоочу айтып жаткан эски карыздар.

Разия Исмаилова.
Разия Исмаилова.

"Жылуулукка, светке, сууга кадимкидей эле төлөйбүз. Мурун ошол төлөнбөй жүргөндөр бар экен эле. Ошонун тууму көбөйүп кетти. Биз ай сайын эле төлөп турабыз. Орусияга кеткендер эле төлөбөй калбаса".

Талаштуу имаратта жашагандар жатакана "мыйзамсыз сатылган" деп эсептешет. Алар аукцион "жашыруун" өтүп, ишкерге сатылып кеткенин жүйө кылып жатышат. Буга чейин тургундар акыйкат издеп, президентке жолугуу үчүн борборго үч ирет барганын айтып жатышат.

Дагы бир тургун Айнура Кыпчакбаева "биринчи барганда Садыр Жапаров кабыл алып, имараттын менчикке өтүп кеткенин текшерип берүүнү убада кылган" дейт.

"Былтыр 24-ноябрда үйдөн чыгарылып, 28-ноябрда барып президенттин өзүнө жолукканбыз. Анда президент болуп шайлана элек болчу. "Макул, 90-жылдан берки документтери көтөрүлүп каралат. Ал тарапка же силер тарапка чечебиз. Эгерде ишкердин документтери туура болсо, чыгарбай туруп, узак убакытка үй берип чыгарабыз" деген. Ошодон бери кат жөнөтөбүз жетпейт, жооп ала албай жатабыз".

Талаштуу имарат.
Талаштуу имарат.

Президенттин базма сөз кызматы тургундар айткан маалымат такталарын билдирди. Ал арада жергиликтүү бийлик ишкер менен сүйлөшүүгө аракет кыла баштады.

Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев ишкерге жазга чейин тургундарды чыгарбай туруу сунушу берилгенин айтты. Бирок ишкер Ибайдилла Бидинов азырынча ага жооп бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG