Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Оштогу "Ак-Мөөр" жатаканасында жашагандар күч менен чыгарылды


Сот аткаруучулар үйдүн эшигин бузуп жаткан учур. Ош шаары, 6-октябрь, 2021-жыл.
Сот аткаруучулар үйдүн эшигин бузуп жаткан учур. Ош шаары, 6-октябрь, 2021-жыл.

Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарындагы "Ак-Мөөр" жатаканасынын бир бөлүгүндө жашаган тургундар чыгарылды. Жашоочулардын жактоочусу Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, сот аткаруучулар тургундарды чыгарып, акт түзүп кетишкен.

"40тан ашуун сот аткаруучулар "Тез жардам", ӨКМ кызматкерлеринин коштоосунда келип чыгарып кетишти. Ал жерде 40ка жакын социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлө жашайт", - деди ал.

Интернетке жарыяланган тасмадан сот аткаруучулар үйдүн эшигин бузуп жатканын көрүүгө болот. Келдибаев жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү менен биргеликте тургундарды жазга чейин чыгарбай туруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.

"Ак мөөр" жатаканасында 80ден ашык үй-бүлө жашайт. Жатакана мурдагы пахта чыгаруучу комбинаттын эс алуу жайы болгон. Ал жердин жашоочулары комбинатта иштеп, кийин туруктуу жашап калышкан.

Жатакананын жашоочулары менен имаратты сатып алган ишкердин соту 2010-жылы башталган. Талаш 2017-жылы Жогорку сотко чейин жетип, "жашоочулар чыгарылсын" деген чечим менен аяктаган. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG