Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты


Мээрим Жуманазарова. Токио-2020
Мээрим Жуманазарова. Токио-2020

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты.

Ал чейрек финалда канадалык Оливия Ди Баккону 7-1 эсебинде утуп алды. Жуманазарова 1/8 финалда түштүк кореялык балбан Минжи Ханы 8-0 эсеби менен жеңди. Алдыда жарым финалда орусиялык Ханум Валиева менен күрөшөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те башталат.

Мээрим Жуманазарова 22 жашта. Токиодогу өткөн Олимпиада оюндарында коло байге уткан. 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло медал тагынган, бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү. 2021-жылдагы Азия чемпиону. Азия оюндарында байге алган.

Күрөштүн бул түрүнөн дагы бир кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы бүгүн, 6-октябрда 76 килограмм салмакта дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда. Бул мелдеште азырынча Кыргызстандын балбандарында бир алтын, бир күмүш жана бир коло байге бар. Алтын байгени кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова багынтса, эркин күрөштөн күмүш байгени 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев, коло медалды 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов алды.(МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG