Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт


Архив. Айпери Медет кызы. 18-сентябрь, 2019-ж.
Архив. Айпери Медет кызы. 18-сентябрь, 2019-ж.

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы бүгүн, 5-октябрда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта жарым финалда 2019-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Европа чемпиону эстониялык Эпп Мяени 3:3 эсебинде жеңилди.

Беттештин 1-айлампасына эки балбан упай ала алган жок. 2-айлампада экөөнө тең пассивдүү аракети үчүн эскертүү берилип, бирден упай эсептерине жазылды. Андан соң Айпери эки упайлык ыкма жасады. Таймаштын бүтөрүнө 20 секунд калганда эстониялык балбан кыз бутка кирип, эки упайлык ыкма жасап, акыркы упай алгандыктан жеңишке жетти. Айпери Медет кызы алдыда 6-октябрда саат 22:00дө коло байге үчүн беттешет. Атаандашы азырынча белгилүү боло элек.

Жарым финалга чейин Медет кызы эки беттеш өткөргөн. Алгач жарым чейрек финалда болгариялык Мария Гергинова Оряшкованы 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген. Кийин чейрек финалда дагы ошондой эле эсеп менен эки мүнөткө жетпей орусиялык Марина Суровцеваны утуп алган.

Күрөштүн бул түрүнөн 62 килограмм салмакта кечээ, 4-октябрда Айсулуу Тыныбекова финалга чыккан. Ал бүгүн, 5-октябрда дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн АКШ өкүлү Кайла Колиин Кийоко Миракл менен күрөшөт.

2-октябрда Норвегиянын Осло шаарында башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Буга чейин эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов (65 кг.) коло байге алса, 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалга чыккан. Ал бүгүн, 5-октябрда польшалык Магомедмурад Гаджиев менен алтын байге үчүн күрөшөт. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

22 жаштагы Айпери Медет кызы жаштар арасындагы дүйнө чемпиону (2017-ж.). Кыздар (кадеттер) арасында Азия чемпионатынын күмүш (2015-ж.), алтын (2016-ж.), Дүйнө чемпионатынын күмүш (2016-ж.) байгелеринин ээси. Кыз-келиндер (чоңдор) арасында Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (Индия, 2020-жыл, Казакстан, 2021-ж.).

23 жашка чейинки кыздар арасында дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган (Венгрия, 2019-ж.). Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген (Белград, 2020-ж.). Быйыл Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарында 5-орунду ээлеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG