Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Осло-2021: Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт


Архивдик сүрөт. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда. Белград, Сербия. Декабрь, 2020-ж.
Архивдик сүрөт. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда. Белград, Сербия. Декабрь, 2020-ж.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 4-октябрда 62 килограмм салмакта жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюк менен күрөшүп, 5:2 эсебинде жеңишке жетти.

Айсулуу Тыныбекова бул Дүйнө чемпионатында жарым финалга чейин эки беттеш өткөрдү. Алгач 1/8 финалда жапониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде, чейрек финалда белорусиялык Вераника Иванованы 6:6 эсебинде жеңип алган. Эми 5-октябрда алтын байге үчүн АКШ өкүлү Кайла Колиин Кийоко Миракл менен күрөшөт.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын жана коло медалдарын уткан. Токиодо өткөн Олимп оюндарында күмүш медал тагынган. Азиянын төрт жолку чемпиону.

Бүгүн, 4-октябрда Айсулуу Тыныбековадан сырткары дагы бир кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев финалда күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Ал эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта жарым финалда орусиялык Евгений Жербаевди 9:5 эсебинде жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө укук алды. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов бүгүн, 4-октябрда дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн польшалык Кристов Биенковски менен күрөшөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG