Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

Балбан Алибек Осмонов Дүйнө чемпионатында коло байге алды (видео)


Архивдик сүрөт. Алибек Осмонов Ислам Шериктештиги оюндарында. 20-май, 2017-ж. Баку, Азербайжан.
Архивдик сүрөт. Алибек Осмонов Ислам Шериктештиги оюндарында. 20-май, 2017-ж. Баку, Азербайжан.

Кыргызстандык балбан Алибек Осмонов Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медал тагынды.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Осмонов 4-октябрда эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште польшалык Кристов Биенковскини 4:1 эсебинде жеңди.

Алибек Осмонов буга чейин төрт беттеш өткөргөн. Ал 3-октябрда алгач 1/16 финалда франциялык Маруан Ахмед Йеззаны 11:0 эсебинде, 1/8 финалда бразилиялык Маркос Де Брито Сикуеираны 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген. Чейрек финалда украиналык Васил Шуптар менен беттешип, 5:3 эсебинде утту. Жарым финалда ирандык Амирмохаммад Бабак Йазданичератти менен таймашып, 4:5 эсебинде бир упай айырма менен жеңилген эле.

Күрөштүн бул түрүнөн буга чейин кыргызстандык үч спортчу килемге чыгып, экөө мелдештен четтеген. Улукбек Жолдошбеков (61 кг.) менен Арсалан Будажапов (79 кг.) алгачкы атаандаштарына жеңилип, байге үчүн таймаштан четтеп калды.

70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалда күрөшөт. Акматалиев 5-октябрда алтын байге үчүн польшалык Магомедмурад Гаджиев менен беттешет. Ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты. Ал алтын байге үчүн АКШ өкүлү Кайла Колиин Кийоко Миракл менен күрөшөт. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

2-октябрда башталган күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. 5-октябрда кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы күчүн сынайт. Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG