Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Балбан Алибек Осмонов дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт


Архивдик сүрөт. Алибек Осмонов Ислам Шериктештиги оюндарында. 20-май, 2017-ж. Баку, Азербайжан.
Архивдик сүрөт. Алибек Осмонов Ислам Шериктештиги оюндарында. 20-май, 2017-ж. Баку, Азербайжан.

Кыргызстандык балбан Алибек Осмонов ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 3-октябрда Осмонов эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта килемге чыгып, төрт беттеш өткөрдү. Алгач 1/16 финалда франциялык Маруан Ахмед Йеззаны 11:0 эсебинде, 1/8 финалда бразилиялык атаандашын 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утту. Чейрек финалда украиналык менен беттешип, 5:3 эсебинде жеңди. Жарым финалда ирандык Амирмохаммад Бабак Йазданичератти менен таймашып, 4:5 эсебинде бир упай айырма менен жеңилди.

Бул таймашта 1-айлампада алгач Иран балбаны төрт упай алып алдыга чыккан. Осмонов 1-айлампа бүтөрүнө аз калганда алгачкы эки упайды эсебине жазды. 2-айлампада дагы эки упайлык ыкма жасап эсепти теңеди. Таймаштын бүтөрүнө саналуу секунддар калганда ирандык балбанга бир упай жазылып, финалдык таймашка чыгып кетти.

Эми Алибек Осмонов 4-октябрда коло байге үчүн күрөшөт. Атаандашы азырынча белгилүү боло элек.

3-октябрда Осмоновдон сырткары кыргыз балбандарынан Арсалан Будажапов 79 килограмм салмакта килемге чыгып, алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартты. Бир күн мурда Улукбек Жолдошбеков (61 кг) мелдештерин жыйынтыктаган.

Бүгүн, 4-октябрда 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев килемге чыгат. Ал алгач шри-ланкалык балбан менен күч сынашат. Бул күнү кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнө чемпионатынын алтын жана коло байгесинин ээси, кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта килемге чыгат. Ал алгач жапониялык Нонока Озоки менен күрөшөт. Күрөштүн бул түрүнөн Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта 5-октябрда, 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова 6-октябрда күрөшөт.

2-октябрда башталган күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG