Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Канатбек Маматов Кыргыз футбол бирлигинин башчылыгынан кетет


Канатбек Маматов.
Канатбек Маматов.

Кыргыз футбол бирлиги уюмунун президенти Канатбек Маматов өзү жазган арызынынын негизинде кызматтан кетет. Аталган уюмдун расмий сайтындагы маалыматка караганда, аткаруу комитетинин мүчөлөрү 11-октябрда конгресске чогулуп, Маматовдун отставкасын карап, уюмдун жаңы жетекчисин шайлайт.

“Акипресс” басылмасы футбол бирлигиндеги булактарына таянып, Маматовдун ордуна Кыргыз футбол бирлиги уюмунун мурдагы башкы катчысы Медербек Сыдыковдун жана уюмдун мурдагы президенти Семетей Султановдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатканын жазды.

Канатбек Маматов Кыргыз футбол бирлиги (ред. мурдагы аталышы Кыргызстандын футбол федерациясы) уюмуна 2019-жылдын 9-февралында төрт жылдык мөөнөткө шайланган. Ал мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган Семетей Султановдун ордуна келген.

Буга чейин Маматов футбол федерациясынын вице-президенти болуп эмгектенген. Ал 1998-жылы ОшМУнун Дене тарбия кафедрасын жетектеген. 2007-жылдан 2009-жылга чейин Жогорку Кеңеште фракция лидеринин жардамчысы болуп иштеген. 1995-жылдан 2004-жылга чейин Кыргызстандын "Динамо" (Ош), "Алдиер", "Жаштык - Ак-Алтын", "Алай" клубдарында жана Индиянын “Ист Бенгал”, “Хал” клубдарында ойногон.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесине кирген. (ECh/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG