Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

ТИМ: 750 миңдей кыргызстандык жаран миграцияда жүрөт


Сахаровадагы миграция борбору.
Сахаровадагы миграция борбору.

Ушу тапта 750 миң чамалуу кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин жетекчиси Таштанбек Каймазаров билдирди.

Ал 30-сентябрда миграция боюнча эл аралык уюмдар менен чогуу өткөн жыйында кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Орусияга, Түркияга жана Казакстанга кетип жатканын белгиледи. Каймазаровдун айтуусунда, бүгүнкү күнү миграция - элет калкы үчүн жашоосун жакшыртып, социалдык макамын көтөрүүгө жалгыз мүмкүнчүлүк.

Эл аралык миграция уюму сурамжылоолор учурунда мигранттардын 35% экономикалык абалын жакшыртуу үчүн миграцияга кетип жатканын айтышканын билдирүүдө. 16% карьера үчүн, 13% үй-бүлөлүк себептерге байланыштуу өлкөдөн кетип жатканын айтышкан.

Уюмдун иликтөөсүндө Кыргызстандагы миграция агымынын күч алышына өлкөдөгү саясий, экономикалык, демографиялык процесстер жана COVID-19 таасир бергени тууралуу айтылган.

Бейрасмий маалыматтар боюнча учурда чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 1 млн. ашуун. Алардын басымдуу бөлүгү - Орусияда.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстанга чет жактан жалпы 2 млрд. 377 млн. доллар жөнөтүлгөн. Мунун 90% Орусиядан которулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG