Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Активист Айсулуу Кудайбердиева УКМКга телефонуна байланыштуу келгенин айтты


Айсулуу Кудайбердиева.
Айсулуу Кудайбердиева.

Абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) бүгүн, 1-октябрда телефонундагы маалыматтарды көрсөтүү үчүн чакырылган. Анын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мекемеге барып, бирок тергөөчү кабыл албаганына байланыштуу кетип калган.

"29-сентябрда суракка келгенимде тергөөчү 1-октябрда саат 10:00го телефондогу маалыматтарды көрүү үчүн кайрадан келеримди эскерткен. Бүгүн келип, бир сааттай күтүп, кетип калдым", - деди Кудайбердиева.

Айсулуунун адвокаты Нурбек Токтакуновдун "Азаттыкка" түшүндүргөнү боюнча, Айсулуу Кудайбердиеванын телефонун УКМК 29-сентябрда суракта алып калган.

Атайын кызмат бул боюнча маалымат бере элек. "Азаттык" маалымат сурап атайын кызматка кайрылды.

Айсулуу Кудайбердиева 29-сентябрда УКМКда эки сааттай суракка алынган. Ошол эле күнү атайын кызматтын өкүлдөрү Айсулуу Кудайбердиеванын үйүн тинтүүгө алган.

Соңку президенттик шайлоодо талапкер Равшан Жээнбековдун штабында иштеген Кудайбердиева социалдык тармактарды активдүү колдонот.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG