Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Укук коргоочу Валентина Чупик Украинадан баш калка сурады


Москвада мигранттардын укугун коргогон "Дүйнө таңы" уюмун жетектеген Валентина Чупик.
Москвада мигранттардын укугун коргогон "Дүйнө таңы" уюмун жетектеген Валентина Чупик.

25-сентябрдан бери Москванын Шереметьево аэропортундагы иммиграциялык убактылуу кармоочу жайда отурган укук коргоочу Валентина Чупик Украинадан баш калка сурады. Бул тууралуу анын жардамчысы Александр Ким 30-сентябрда "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, укук коргоочунун өкүлдөрү Чупиктин атынан Украинанын Тышкы иштер министрлигине жана Москвадагы украин элчилигине баш калка сураган өтүнүчтү жолдошту. Азырынча украин бийлиги мындай өтүнүч боюнча комментарий бере элек.

Александр Ким билдиргендей, бейшемби күнү Валентина Чупикке өзбек консулдугунун кызматкерлери келип, укук коргоочуну сүрөткө тартып кеткен. Алар Чупикти Өзбекстанга алып кетүү үчүн документтер даярдалып жатканын айтышкан.

Буга чейин укук коргоочу эгер өзү төрөлгөн жана жарандык алган Өзбекстанга депортациялана турган болсо, ал жакта абакка кесилиши мүмкүндүгүн, керек болсо абакта өлтүрүлүшү мүмкүндүгүн айткан эле.

Орусиядагы мигранттардын укугун коргоп келе жаткан Валентина Чупик өткөн ишембиге караган түнү Армениядан Москвага учуп келгенде кармалган. Анын айтымында, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ал 17-сентябрда качкын макамынан ажыраганын жана ага Орусияга кирүүгө 30 жылга тыюу салынганын билдиришкен.

Укук коргоочу 2006-жылы Өзбекстандан качып чыгып, Орусияда качкын макамы менен жашап жүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG