Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчынын атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенттин басма сөз кызматы айрым депутаттарды мамлекет башчынын атынан комментарий берүүдөн карманууга чакырды.

"Бул үчүн басма сөз кызматы бар", - деди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" берген комментарийинде.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев 29-сентябрда парламентте кызуу талкууланган орусиялык банкир, эксперт Владимир Фролов тууралуу "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" талкуусунда түшүндүрмө берген. Эл өкүлү Фроловду президент Садыр Жапаров өзү кабыл алганын айткан.

"Садыр Нургожоевич өзү бул экспертти кабыл алып, өзүнүн экспертине да текшертип туруп, ушул адистин кесипкөй экенин билгенден кийин колдоо көрсөтүп жатат", - деген Ибраев. Ал Фролов тууралуу толук маалыматы бар экенин билдирген.

Президенттин басма сөз кызматы Жапаровдун Фроловду кабыл алган же албаганы боюнча башка маалымат айткан жок.

Парламенттин 29-сентябрындагы отурумунда Саматбек Ибраев сунуштаган банк тууралуу мыйзам долбоору жана ага тартылган эксперт Владимир Фроловдун айланасында бир топ талаш-тартыш болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG