Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Дыйкандар жемди экспорттоого уруксат берүүнү талап кылышууда


Жүгөрү.
Жүгөрү.

Кыргызстандагы "Жүгөрү өстүрүүчүлөр" ассоциациясынын өкүлдөрү 400 миң тоннадай жүгөрү чирип кетүү коркунучунда турганын айтып чыгышты.

Мындан улам алар айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго кайрылып, жемди тышка экспорттоого уруксат берүүнү суранышты.

Ассоциациянын жетекчиси Бакыт Жумалиевдин айтуусунда, дыйкандар министрге бул маселе боюнча бир нече жолу кайрылган.

"Биз жүгөрүнү тышка сатууга уруксат берүүнү талап кылабыз. Сугат суу маселесин чечип, жердин ижара акысын 50% азайтууну жана айыл чарба жерлерин трансформациялоону токтотууну талап кылабыз. Минтип кете берсек, жакында дыйкандар асфальтка эгин айдап калышат", - деди Жумалиев.

Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги дыйкандар буга чейин кайрылбаганын билдирүүдө. Министрликтин басма сөз кызматы министр Аскарбек Жаныбеков ассоциациянын өкүлдөрүн кабыл алууга даяр экенин "Азаттыкка" маалымдады.

Тоют таңкыстыгынын алдын алуу максатында былтыр ноябрда чөптү сыртка сатууга тыюу салынган. Быйыл июнь айында арпа, жүгөрү жана башка дан эгиндерин да экспорттоого тыюу салынган.

Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги быйылкы кургакчылыктан улам, тоют жетишсиздигинин алдын алуу максатында малды экспорттоого мурда киргизилген тыюуну алып салган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG