Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:32

"Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси акыл-эстүү киши кечки саат 10го чейин сейилдей турганын айтты


Түнкү Бишкек. Архивдик фото.
Түнкү Бишкек. Архивдик фото.

"Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Байгазиев жарандар электр энергиясындагы жетишсиздикти түшүнүү менен кабыл алып, жарыкты максималдуу түрдө үнөмдөө керектигин белгиледи.

Ал мындай пикирин көчөдөгү жарыктарды өчүрүү буйругуна байланыштуу "Биринчи радиого" маек курган учурунда айткан.

"Адистер көзөмөлдөп, эл менен иштеп жатабыз. Баш-аягы 1,5 млн. колдонуучу бар. Ар бир жараныбыз түшүнүшү керек. Бул энергетиканын эле эмес, калктын проблемасы, ошого жеткирбешибиз керек. Электр энергиясын үнөмдөп пайдаланыш керек. Чоң кафелер той башталарда, саат беште эле жарыкты күйгүзүп алышат. Ошондой эле, парктардагы жарыкты эмнеге таң атканча күйгүзүү керек? Акыл-эси бар киши 10го чейин эле сейилдейт, андан кийин эс алыш керек. Жарыкты ашыкча күйгүзгөндүн эмне кереги бар, аны өчүрүп коюш керек", - деген Байгазиев.

"Улуттук энергохолдинг" ишканасы электр энергиясын үнөмдөө максатында көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктарын өчүрүү тууралуу буйрук чыгарган. Буйрукка мекеменин башчысынын орун басары Замирбек Кожомамбетов 27-сентябрда кол койгон. Аймактардагы бөлүштүрүүчү компанияларга таңга жуук жана кечкисин кыдырып, электр энергиясын үнөмдөөнү көзөмөлдөө боюнча тапшырма берилген.

Ушундан кийин социалдык тармактын айрым колдонуучулары шаардын ар кайсы жеринен тартылган "караңгы Бишкек" деген сүрөттөрдү баракчаларына жайгаштыра баштады.

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында жетишсиздик жаралууда. Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында быйыл август-декабрь айларында Түркмөнстандан 501,9 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү мындан тышкары кышкы жылуулук сезонунда Казакстандан да кошумча электр энергиясын алып келет.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG