Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Медиа коомчулугу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалпыга маалымат каражаттарына байланыштуу мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө каршы болгон журналисттер президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровго жана юстиция министри Асел Чыныбаеванын атына кайрылуу жолдошту.

Кайрылуу ээлери "ЖМК тууралуу" жана "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө" мыйзамдарды өзгөртүүсүз калтырууну өтүнүшүүдө.

Алар ЖМК ишмердүүлүгүн тескөөчү мыйзамдар чукул өзгөртүлгөнүн белгилеп, бирок өзгөргөн мыйзам долбоорлору ачык талкууланбай жатканына нааразылык билдирип жатышат. Медиа эксперттер бул мыйзамдарга киргизиле турган ар бир өзгөртүү терең анализди жана кеңири талкууну талап кыларын эскертишти.

Кайрылуу ээлери ЖМК жаатындагы мыйзамдарды өзгөртүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө эрте деп эсептешет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа коомчулуктан "Маалымат каражаттары тууралуу", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", КТРК тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө сунуштарды сураган. Бул үчүн үч күн убакыт берилген. Министрлик сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, "Маалымат каражаттары тууралуу" жана "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндөгү" эки мыйзам бириктирилмекчи.

ЖМК жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөт 13-сентябрда тегерек үстөл өткөргөн. Жыйынтыгында Юстиция министрлиги тарабынан жалданган эксперттик топко кыска мөөнөт ичинде өзгөртүүлөр боюнча сунуштарды берүү тапшырылган. (JsA/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG