Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:24

Ошто "Ислам - тынчтыктын тиреги" аттуу эл аралык конференция өтүүдө


“Ислам - тынчтыктын тиреги” аттуу эл аралык конферециясы. Ош шаары. 30-сентябрь, 2021-жыл.
“Ислам - тынчтыктын тиреги” аттуу эл аралык конферециясы. Ош шаары. 30-сентябрь, 2021-жыл.

“Ислам - тынчтыктын тиреги” аттуу эл аралык конфереция бүгүн, 30-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залында өтүп жатат. Жыйынга Түркия, Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан келген дин аалымдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери катышууда.

Иш-чарада ислам дининин тынчтыкты жана ынтымакты орнотуудагы орду, радикализм, экстремизмге каршы түшүндүрүү иштери жана толеранттуулук принциптери талкууланып жатат.

Эки күндүк конференцияда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын мугалимдери менен студенттерине исламдын тынчтык куруудагы ролу тууралуу сабактар өтүлөт.

Эл аралык, илимий жыйын 1-октябрда жыйынтыкталат. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG