Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Сузакта сегиз киши күйдүргүгө шек саналып ооруканага түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун сегиз тургуну күйдүргү (сибирь жарасы) оорусунун белгилери байкалып ооруканага жаткырылды. Алардын төртөөнө илдет жукканы лабораториялык анализден кийин аныкталды. Бул тууралуу Сузактагы жалпы даргердик практикалык борборунун жетекчиси Өмүрбек Махмаджунус уулу “Азаттыкка" билдирди.

"Ооруканага түшкөндөрдүн ичинен төртөөндө күйдүргү оорусу лабораториялык анализдерден кийин аныкталды. Алар 24-сентябрь күнү кайрылган. Учурда бейтаптардын абалы орто”, - деди Өмүрбек Махмаджунус уулу.

Маалыматка караганда, бейтаптар Сузак районунун Кызыл-Туу айылынын тургундары. Алар өз алдынча мал союп этин бөлүп алган. Уйдун этин жеген 20дай адам дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

Буга чейин Аксы районунун жети тургуну сентябрдын башында күйдүргүгө шек саналып, ооруканага жаткан. Алардын экөөндө илдет аныкталган. Алар өлгөн малды союп жешкен. Айылда союлган малдын этин жеп, аралашкан дагы 41 адам күйдүргүгө каршы атайын антибиотиктерди үйдө ичип дарыланышкан эле.

Күйдүргү - кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл. (МВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG