Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Коронавирустан эки бейтап каза болду, 88 учур жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 30-сентябрда Кыргызстанда COVID-19 вирусунан эки бейтап каза болуп, 88 адам жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Ооруну жаңы жуктуруп алгандардын көбү Бишкекте.

  • Бишкек - 54
  • Чүй облусу – 15
  • Ош облусу – 1
  • Талас облусу - 1
  • Нарын облусу - 2
  • Ысык-Көл облусу – 12
  • Жалал-Абад облусу – 3


Ош шаары менен Баткен облусуда вирус жуктургандар катталган жок.

Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын расмий саны 178 532 адам болду. Бир суткада 104 адам айыгып, оорудан сакайгандардын жалпы саны 173 206ны түздү.

Бүгүнкү күнү 430 адам ооруканада, 808 бейтап үйдөн дарыланып жатат.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда бул илдеттен каза болгондордун расмий саны 2607 кишиге жетти.

Кыргызстан боюнча 1 млн. 441 миң 212 киши коронавируска каршы эмделди. Алардын 823 миңден ашыгы вакцинанын биринчи дозасын алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG