Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

АКШ генералы: Кыргыз аскерлеринин көбүн окутканбыз


Питер Хронек.
Питер Хронек.

АКШнын генерал-майору, Монтана штатынын армиясынын командири Питер Хронек 25-29-сентябрда Кыргызстанга атайын иш сапар менен келди. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилери менен жолукту. Иш сапардын жүрүшү тууралуу генарал-майор "Азаттыкка" маек курду.

- Питер мырза, сиз сапарыңыз учурунда өзгөчө кырдаалдар министрине жолугуп, Кой-Таштагы аскердик бөлүктө дагы болуптурсуз. Сиздин сапардын негизги максаты эмне?

- Мен быйыл январь айында Монтана штатынын армиясына башкы командир жана бул штаттын куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси болуп дайындалдым. Аткара турган абдан көп иштеримдин эң эле маанилүүсү - эл аралык деңгээлдеги кызматташтыкты өнүктүрүү. Монтана штаты 1995-жылдан бери Кыргызстан менен достук мамиледе. Улуттук деңгээлде кызматташкан өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан биздин эң биринчи өнөктөшүбүз. Штаттын адъютант-генералы катары ошол 1995-жылы түптөлгөн байланышты чыңдоо менин негизги милдетим болуп саналат. Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылган аскерлер менен биздин штаттын аскерлеринин тыгыз мамилесине шарт түзүүнү көздөйм.

- Жогоруда сиз айткандай, Монтана штаты менен Кыргызстандын аскерий кызматташтыгы 1995-жылы башталыптыр. Дээрлик жыйырма жылдан ашуун бул байланыш азыркы тапта солгундап кеткендей. Аны жандантуу үчүн тараптар эмне кылышы керек?

- Эми таптакыр эле солгундап кетти деп айта албайм, кичине тыныгуу болгондой десек туура болот го. Бирок, Монтана штаты ар дайым Кыргызстанга кол сунуп келген. Азыр мен бул жакка келип, жаңы бийлик менен да таанышкандан кийин бизге ар дайым эле эшик ачык болгонун байкадым. Жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, кызматташуу кайрадан жанданарына ишеним артып турам. Өнөктөштүктүн алкагында иштеген кызматкерлерибиз дагы деле өз ишин улантууда. Кайсы жерден токтоп калсак, дал ошол жерден кайра баштап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачалы деп жатабыз.

Генерал-майор Питер Хронек "Азаттык" радиосунун студиясында.
Генерал-майор Питер Хронек "Азаттык" радиосунун студиясында.

- Силердин штат Кыргызстандын аскердик тармагына кандай мүмкүнчүлүктөрдү ача алат?

- Биринчиден билим берүү тармагында бир топ жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Куралдуу күчтөрдүн аскерлеринин кесиптик деңгээлин арттырууга багытталган бир топ иштер бар. Мурда да бирге окуулар ишке ашып келген. Аскердик багыттагы, айрыкча чек аранын коопсуздугу, террорчулукка каршы туруу жаатында жаңы ыкмалар, техникалык кызматташууларды карап жатабыз. Негизи эле өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан бардык көрүнүштөргө каршы биздин аскерлер кандай билим алса, Кыргызстандын аскерлерине да ошону үйрөтүүнү көздөйбүз.

Биз колдонгон жаңы технологиялар да өтө маанилүү деңизчи, бирок мыкты билим, кесипкөй башкаруу болбосо аскерлерди өнүктүрүү кыйын. Мен өзүм биздин штатта табигый кырсыктар учурунда иштөөгө багытталган тармакты жетектейм. Биздин аскерлер абдан оор табият шарттарында иштей алат. Ушундан улам биз жер титирөө, суу каптоо, жер көчкү сыяктуу оор кырдаалдарда иштөө ыкмаларыбызды, тажрыйбабызды бөлүшөбүз. Аскерлер жеке эле адам себеп болгон коркунучтарга даяр турбай, табияттын оор соккуларына да туруштук бере алгыдай деңгээлде болуусуна көмөктөшөбүз.

- Табият кырсыктарына байланыштуу аскерий иш-аракеттер деп калдыңыз, Монтана штаты дүйнөнүн бир бурчунда, Кыргызстандан өтө алыс. Анан кандай жалпы жактары болушу мүмкүн?

- Эгерде сиз Монтанага барып, учактан түшсөңүз Кыргызстанга эле барып калгандай болосуз, климаты, жаратылышы аябай окшош. Жол, тоо кыркалары, ашуулар баары бирдей. Бизде да бул жактагыдай кышкысын катуу суук болот. Ушундан улам Кыргызстандын аскерлерин окутуу биз үчүн жеңил. Кантсе да бир топ жылдык кызматташуу тарыхыбыз бизге жемиштүү иштешкенге өбөлгө түзөт деген ишеничтемин.


- Акыркы мезгилде аймактагы коопсуздук маселеси өзгөчө мааниге ээ. Айрыкча, Ооганстанда абал тынч эмес. Мындай шартта Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн эмне кылышы керек?

- Ооба, биз аймактагы коопсуздукка көз салып турабыз. Дагы бир жолу кайталагым келет, биздин эң негизги максатыбыз - Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү, көз карандысыздыгы жана чек арасындагы коопсуздук болуп саналат. Ооганстанда абал кандай болуп өзгөрбөсүн, Кыргызстан менен кызматташтыгыбыз өзгөрүүсүз кала берет. Калктын бейкуттугу үчүн кесиптештерибиз менен тажрыйба алмашуу, жаңы техникаларды алып келүү сыяктуу долбоорлор улана берет. Чындыгында аймакта абал улам өзгөрүп жатат. Анткен менен биздин Борбор Азияга карата мамилебиз өзгөргөн жок. Генерал Кеннет Маккензинин деле чөлкөмгө карата көз карашын билебиз. Мыкты өнөктөш катары кала беребиз.

- Жакында эле The Wall Street Journal басылмасында Пентагондун жетекчилиги Орусиядагы кесиптештери менен Владимир Путиндин атынан сүйлөшүп, Ооганстанда террорчулук боюнча кырдаал оор болуп кетсе Борбор Азиядагы аскерий базасын колдонуу маселеси каралганын жарыяланды. Мындай сценарий реалдуубу? Деги эле Борбор Азияга АКШ убактылуу болсо да аскерий база алып келиши мүмкүнбү?

- Эми бул ар бир өлкөнүн өз чечимине жараша болот го. Борбор Азиядагы болобу же башка аймактагыбы, айтор ар бир өлкө каалаган башка мамлекет менен мамиле курууда эркин. "Биз менен гана байланыш" деп айта албайбыз да. Канча көп мамлекет менен байланыш курган сайын Кыргызстан үчүн да ошончо пайдалуу болот эмеспи. Эң башкысы бул кызматташтыктар өлкөнүн коопсуздугу, бүтүндүгү үчүн маанилүү болсо деген гана үмүт. Монтана штаты Кыргызстан менен көп жылдык мыкты достук көпүрөнү куруп алган. Биз өнөктөш катары "башка өлкөлөрдөн алыстагыла" деп таптакыр айта албайбыз. Кыргызстандын бийлиги бул багытта өзү гана чечим кабыл алат.


- АКШ менен Кыргызстандын аскерий байланышынан мындан ары эмнени күтсөк болот?

- Менимче биринчи кезекте биз бул кызматташтыктан эмнени күтөбүз деген суроонун үстүндө ойлонушубуз керек деген пикирдемин. Акыркы жылдары Кыргызстанда бийлик алмашып, азыр мамлекеттик органдарда бир топ өзгөрүү болуп жатат. Бирок, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин аскерий кызматташтык жаатындагы негизги максаттарын көрүп, мен абдан кубандым. Негизи Монтана штаты менен аскерий кызматташтыкты эле ойлонуп келсем, бул жакта абдан кеңири масштабда сүйлөшүүлөр болду.

Жеке эле аскерий тармак эмес, өзгөчө кырдаалдар министри, тышкы иштер министринин орун басары, Жогорку Кеңештин айрым расмийлери жана Чек ара кызматынын төрагасы, Куралдуу күчтөрдүн башкы командири менен жолуктук. Баарыбыз кызматташтыктын беделдүү багыттарын мерчемдедик. Мунун баары алака куруунун же аны өнүктүрүүнүн эң чоң кадамдары деп ойлойм. Чындыгында, жолуккан тараптардын баарынын тилеги бир, максаты окшош экени мени сүйүнттү. Өзгөчө билим берүү тармагында чогуу иш алып барчу пландарды түзүп жатабыз.

- Ушул пландарга кенен токтолосузбу?

- Билим берүүдөгү тажрыйба алмашууну биз мурда да ишке ашырып келгенбиз. Аскерлерди кыска мөөнөттүк курстардан тарта университеттерде окуусуна чейин камсыздай алабыз. Биз армияда мыкты лидерлер, билимдүү башкаруучулар болуусуна шарт түзгүбүз келет. Ушунун баарын жакыңкы келечекте ишке ашырабыз. Коронавирус инфекциясы дүйнөгө аралыктан окутууну үйрөтүп койбодубу, биз да армияда аралыктан окутуу ыкмасы менен байланышты чыңдайбыз. Буга чейин биз жүздөгөн кыргызстандык аскер кызматкерлерин Монтанада окуттук.

Алар көбүнчө кыска мөөнөттүк курстарга барышты, чогуу аскерий машыгууларды өткөрдүк. Монтанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн аскерлери үчүн террордук калабаларга каршы туруу, табият кырсыктарында куткаруу иштерине байланыштуу абдан чоң машыгуулар да болду. Биз негизи аскерлердин муктаждыгына жараша окутууларды уюштуруп берүүгө аракет кылуудабыз. Маселен, жакында эле июнь айында Монтанада машыгуулар болуп, бул жактан барган аскер кызматкерлери бир топ жаңы ыкмаларды үйрөнүштү. Кызыгы, ортодо тил тоскоолдугу болгонуна карабай, эки жактын тең аскерлери мыкты деңгээлде машыкты.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG