Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Аскер кызматкеринин өлүмү шек жаратты


Рустам Иманов.
Рустам Иманов.

Аскер прокуратурасы өзүн-өзү атып алды деп айтылып, кийин катардагы жоокердин огунан каза болду делген №19 колониянын аскер кызматкери Рустам Имановдун өлүмүн териштире баштады.

Маркумдун жакындары 17-сентябрдагы кайгылуу окуяга байланыштуу улам өзгөрүп жаткан жоромолдорго ишенбей турат. Ал эми кылмышка шектелип жаткан жоокердин туугандары анын кыйноого кабылганын айтууда.

20 жаштагы Рустам үй-бүлөдө сегиз бир туугандын төртүнчүсү эле. Аскерге өз каалоосу менен кетип, 1,5 жылдан бери келишимдик негизде Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар камалып турган №19 түрмөдө кызмат өтөп жаткан.

Маркумдын апасы Асыл Адылова 17-сентябрда баласына жолугуп, сүйлөшүп келгенин эскерди. Ошондон үч саат өтпөй телефондон "балаңыз өзүн атып алды" деген суук кабарды угуп, нес болуп калган.

"Баламды үч саат мурда эле тирүү көрүп, коштошуп кеткем. Жакшынакай эле болчу, өзүнүн нөөмөтүндө турган. Баары жакшы эле, болгону командири жок экен. Азыр ошол командири качып жатат. Мен үйгө келгенде командири чалып, "балаңар атынып алды" деп айтты. Башында эле булар күнөөнү суицид катары каттайын дешти. Мен буга башынан эле ишенген эмесмин. Балама табелдик курал беришпейт, балам болгондо дагы кенже сержант болчу. Ал кинолог эле. Менин баламды өлтүрүштү. Азыр эми жапжаш, баламдын кол алдында жүргөн жоокердин башына илип жатышат", - деди Рустамдын энеси.

Адылованын айтымында, беш жоокер Рустамдын карамагына бөлүнүп, ит менен иштөөнү, машыктырууну үйрөтүп келаткан. Эми ошолордун бири Рустамдын куралын алып, кокустан атып алышы мүмкүн деген версия айтылып жатыптыр. Анын айткан маалыматына караганда, ок кулактын артынан кирип, көзүнөн чыккан.

Бул ишке шектелип жаткан Кайрат Соңкөлов 19 жашта. Кызматын өтөп бүтөөрүнө бир айга жетпеген убакыт калган. Адылова кетерине аз калган жоокер мындай опурталдуу иштерге барбайт эле деп шек саноодо.

Өзгөргөн версия

Ал эми Кайрат Соңкөловду багып чоңойткон таякеси Талант Соңкөлов жээнинин кыйноого кабылганын айтып жатат.

"Бизге окуя болгондон эки күндөн кийин гана чалып айтышты. Биринчи күнү өзүн атып алды деп, экинчи күнү тиги бала атты деп айтышыптыр. "Мойнуңа алсаң оңой кутуласың, апасынан (маркумдун апасынан - ред.) доом жок деген кагаз жаздырып алсаң, оңой кутуласың" деп айтышыптыр. Эки күндөн бери жээнимди мойнуңа ал деп кыйнашыптыр. Ал каза тапкан бала менен командирдин ортосунда чыр бар болчу, укчумун дейт. Ал эми менин жээним экөөнүн мамилеси жакшы экен. "Мөөнөтүң бүткөндө апаңа гүл алып, өзүм алып барам сени" деп айтчу экен. Апасы азыр ооруп төшөктө жатат, ага айта элекмин. Жээнимди мен баккам. Ал армияга ишин таштап өз ыктыяры менен кеткен. Курулушта иштечү", - деди Соңкөлов.

Маркум аскер кызматкери иштеп келген №19 абак Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан. Анда өмүр бою эркинен ажыратылгандар отурат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жабык жайда кырчындай өмүрдү алган окуя катталганын ырастаганы менен кандай шартта болгонун ачыктаган жок. Мекеменин өкүлү Жаңыл Шергазиева ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатканын айтуу менен чектелди.

"Бул ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат. Тергеп бүткөндөн кийин анан айталы", - деди ал.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Рустам Имановдун өлүмүнө байланыштуу иш Жазык кодексининин "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" (136-берене, 1-бөл.) беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка шектүү катары К.Соңкөлөв Бишкек гарнизонунун гаупвахтасына камалды. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандагы жабык жайларда жана кыргыз армиясында кызмат өтөгөн жоокерлердин өлүмү тыйылбай келатат. Алардын дээрлик бардыгы өз өмүрүн кыйганы айтылган. Бул жолу да Рустам Иманов каза болгон соң апасына телефон чалып, "сиз жолукканда эч нерсе деген жок белеңиз" деп сурашкан. Бул тууралуу "Азаттыкка" айткан Асыл Адылова окуя болгон жердеги видео материалдарды көрсөтүүнү талап кылууда.

"Менин балам өзүн атып алганын көрсөткүлө, далилдегиле деп айттым. Ал жакта камера жок дейт. Бул жерде өмүр бою соттолгондор, терроризм үчүн отургандар бар. Ал жакта баары бар. Керек болсо даараткананын алдында дагы турат, ким кирди, ким чыкты деп. Эмнеге булар ошонун баарын кылып коюп, ордунда отура бериш керек. Керек болсо командири биринчи орунда кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу керек. Балам ошонун кол алдында иштеди да. Баламдын сөөгүн алып келгенде дагы келбеди, ал тургай "арты кайрылуу болсун" деп чалып айткан дагы жок. Мен муну менен токтобойм," - деди баласынан айрылган эне.


2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган. Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен.

"Жабык жайларда көзөмөлдү күчөткөндө гана өлүм азаят"

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова ар бир жоокер же аскер кызматкери мамлекеттин жоопкерчилигинде экенин белгилөөдө. Анын пикиринде, жабык жайларда жарандык жана ата-энелердин көзөмөлүн күчөткөндө гана өлүм азаят.

"Эгер жабык жайларда өлүм катталса "Адам өлтүрүү" деп коюш керек. Ошону натыйжалуу методдор менен изилдеп чыккандан кийин гана өзүнүн өлүмүнө жеткирген деген версияны коюш керек. Бизде дароо эле суицид деп коюп башка жактарга карабай коюп жатышат. Бул туура эмес. Ошондуктан бизде көбөйүп жатат, армиянын ичинде бир нерсе болуп атат. Армия оңой кызмат эмес, ал жерде зомбулук болушу мүмкүн, өкүмзордук деген нерсе бар", - деди укук коргоочу.

Абдирасулова Аскер прокуратурасы ушул тармакты такай көзөмөлгө алып турушу зарыл экенин эскертүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG