Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Кырсыктаган жоокерди санаа жеп тынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто 17-ноябрда асынып алган аскер кызматкери Орозбек Турдубаев анын алдында жол кырсыгына кабылганы маалым болду.

Окуядан кийин ал эки күн дайынсыз болуп, 17-ноябрь таңга жуук ата-энесинин үйүнүн жертөлөсүнөн асынып турган абалда табышкан. Аскер кызматкеринин автоунаасы менен кагылышкан экинчи автоунаанын айдоочусу учурда ооруканада дарыланып жатат.

Орозбек Турдубаев Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Ош шаарындагы №97480 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде иштеп жүргөн.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, Орозбек Турдубаев 14-ноябрга караган түнү Ош-Эркештам жолунун 6-чакырымында карама-каршы тилкеге чыгып, алдыда келаткан автоунаа менен кагылышкан. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жол кырсыгы катары катталган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматкерлери териштирүү иштеринен кийин Орозбек Турдубаевди үйүнө коё берет. Жеңиш Ашибаевдин маалыматы боюнча, текшерүүдөн кийин маркум Орозбек Турдубаев спирт ичимдигин ичкени аныкталган.

- Окуя болоор замат тергөө тобу жерине барып териштирип, эки айдоочу спирт ичимдигин ичип-ичпегенин билүү үчүн медициналык текшерүүдөн өткөргөн. Жыйынтыгында Орозбек Турдубаев спирт ичимдигин ичкени аныкталган. Бул боюнча түшүнүк кат жазып берип үйүнө кеткен. Ошол жол кырсыгынан үч күндөн кийин үйүнүн жертөлөсүндө асынып алганы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Азыр себептери такталып жатат. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Маркумдун атасы Жумабай Абдрахманов уулу жол кырсыгына кабылганын ырастады. Уулу ошол жол кырсыгынан кийин материалдык чыгымды төлөп берүүнү ойлонуп, кабатыр болуп жүргөнүн айтты:

- Уулум жумушунда кагаз ишине тың болчу. Ага иштеген ишинде кысым болгон эмес. Орозбек жол кырсыгынан кийин ойлонуп отуруп эле өз жанын кыйды. Ал ошол күндөрү жумушуна да барбай койду. Артынан командири да келген. "Этият кылып, көзөмөлдөп тургула" деп эскертип кетти эле. Ошол күнү да кеч уктаганбыз. Мен байкабай калыптырмын. Эртеси издеп, жертөлөдө асынып алганын көрдүк. Беш баламдын кичүүсү эле. Жакында үйлөнөм деп үйдү оңдоп-түзөп жаткан. Ал иштеген жерде бир взводдун башчысы болуп калды эле. Жумушундагы аскер башчыларына дообуз жок.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева аскер кызматкеринин асынып каза болгондугу тууралуу Ош шаардык гарнизонунун Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди.

- Азыр көп деле маалыматыбыз жок. Аскер прокуратурасы иликтөөнү жүргүзүп жатат. Иликтөө жүрүп жатканына байланыштуу биз эч нерсе айта албайбыз.


Соңку бир ай аралыгында күч түзүмдөрүндө иштеген бир нече кызматкердин өлүмү катталды. 10-ноябрь күнү Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүктө кызмат кылган офицердин асынып турган сөөгү өзү жашаган кызматтык үйүнөн табылган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова күч түзүмдөрүндөгү катталган өлүмдүн себебин жарандык көзөмөлдүн жоктугу менен түшүндүрдү.

- Азыр жарандык көзөмөл, байкоо жок болуп калды. Биз 2014-2016-жылдары үч жыл жарандык көзөмөл жүргүзгөнбүз. Аскер бөлүктөрүнө барганбыз, ЖАМКтын жоокерлеринин шартын көзөмөлдөгөнбүз. Анын жыйынтыгында аскерде каза болгондордун саны кыйла азайган. Ал эми азыр ошол долбоорду кайталап жаш жоокерлерди, аскер кызматындагы үстөмдүктү көзөмөлдөөгө аскер жетекчилиги жол бербей жатат. Акыркы айларда эле күч түзүмдөрүндө каза болгондордун саны көбөйдү. Ошондуктан жарандык көзөмөл сөзсүз керек.

4-5-ноябрь күндөрү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан эки жоокер каза болгон. Расмий маалыматта алардын жүрөгү кармап калган деп айтылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG