Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:33

Эки күндө эки жоокер каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы эки күндө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында аскердик милдетин өтөп жаткан эки жоокер каза тапты.

4-ноябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгон.

5-ноябрь күнү ушул эле мекеменин окуу борборунда дагы бир жоокер жүрөгү кармап каза тапканы кабарланды.

Учурда эки факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. "Жоокерлердин энелери" республикалык комитети уландарды аскерге тандоодо шалаакылык орун алып жатканын белгилөөдө.

"Чыракка жетпей жыгылды дешти"

4-ноябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер каза болгон. Ал алгач токко урунуп мүрт кеткени расмий кабарланган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын 6-ноябрда "Азаттыкка" билдиргени боюнча, 4-ноябрь күнү набыт болгон жоокер электр тогуна жетпей эле жыгылганын күбөлөр ырасташкан:

- Чырак бурайын деп баратып жыгылды дешти. Ошондой болушу да мүмкүн. Чыракка деле жеткен эмес окшойт. Алдын ала маалыматтарда да ал жүрөгү кармап жыгылган болушу мүмкүн экени айтылып жатат.

Сабатарованын кошумчалаганы боюнча, жоокердин өлүмүнүн так себеби соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин анык болот. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ишти Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Маркум жигит аскерге былтыр чакырылган, жакында үйүнө кайтып кетмек. Маркумдун туугандары баласынын жүрөгү таза болгонун, спорт менен машыгып жүргөнүн билдирип, анын өлүмүнө ишене албай турушкан чагы. Азырынча алар менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

"Түндө жүрөгү кармап калыптыр"

5-ноябрь күнү кечке жуук Жаза аткаруу мекемесинин окуу борборунда 19 жаштагы Кубанычбек Келдибеков аттуу жоокер каза болгон. Бул маалыматты "Азаттыкка" "Жоокерлердин энелери" республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова маалымдады. Анын айтуусунда, алгачкы версияларга ылайык, жоокердин жүрөгү токтоп калган:

- Ал жерде чоңсунуу же дедовщина деген нерсе жок. Анткени ал өзү командир, кызмат кылганына жети ай болуптур, сержант наамы бар экен. Алар жаңы келген балдарды окутуп-үйрөтүп жаткан учуру. Жүрөгү кармап калганы факт. Бирок мурда бир да жолу жүрөгүнөн даттанып, дарыгерге кайрылбаптыр. Мен өзүм түндө барып, атайын санитардык бөлүктүн журналын карап чыктым.

Бул кабарды Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова ырастап, учурда тиешелүү маалыматтар чогултулуп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

2018-жылы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында кызматын өтөп жүргөн жоокерлер өз жанын кыйган үч факты катталган.

Кыргызстандын аскер кызматы тууралуу мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон уландар милдеттүү түрдө аскердик кызматын өтөөгө чакырылат. Ден соолугуна, окуусуна жана башка шартына жараша аскердик милдеттен убактылуу же атаандаштык түрдө биротоло милдетин өтөөдөн четтетилет. Милдеттүү түрдө аскердик кызматтан ден соолугу туура келбеген уландар да бошотулат. Муну аныктоо үчүн атайын медициналык кароодон өткөрүлөт.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын полковниги Сыргак Бодобаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, аскерге чакырылган уландар үй-бүлөлүк шартына, ден соолугуна жана каалоосуна жараша аскерге кабыл алынат. Мунун ичинен жетим балдар, үйдө жалгыз баласы болгондор каалоосуна жараша альтернативдүү түрдө кызмат өтөөгө укугу бар. Ал эми саламаттыгы жагынан уландар эки ирет медициналык кароодон өтүшөт:

- Балдар жашаган жердеги медициналык мекемелерден маалымат алабыз. Мындан тышкары алар 16 жашында бир жолу медициналык кароодон өтөт. 18 жашка толуп, аскерге чакырыларда аскердик комиссиядан бир нече жолу өтөт. Баарын өткөндөн кийин республикалык топтоо пунктунда да Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен аскер бөлүктөрүнүн дарыгерлери чогуу текшерүүдөн өткөрүшөт. Андан тышкары дене тарбия даярдыгы жагынан атайын тестирлөөдөн өтүшөт. Ошонун баарынан өткөндөн кийин гана аскер бөлүктөрүнө бөлүнөт. Андан ары аскер бөлүгүндө да санитардык бөлүктөр, дарыгерлер бир айдын ичинде дагы кароодон өткөрүшөт. Бул атайын мыйзам менен 2017-жылы киргизилген. Себеби айрым балдар ооруларын айтпай, жашырып койгон болсо, ошолорду аныктоо иштери жүрөт.

Мына ушундай бир катар кароо-текшерүүдөн өтсө деле жоокерлер саламаттыгынан улам аскер бөлүктөрүндө көз жуумуп жатканын "Жоокерлердин энелери" комитетинин төрайымы медициналык кароонун сапатына байлоодо.

Уулкан Байгубатованын айтымында, аскерге чакырылган балдардын ичинен кургак учук, ал тургай өсмө (рак оорусу) менен жабыркагандар аныкталып жүрөт:

- Бул маселени биз дайыма көтөрүп келе жатабыз. Медкомиссияда тиешелүү дарыгерлер эле эмес, УЗИ, рентген аппаратттары жетишсиз. Ар бир аскер комиссариаттарында болушу керек. Мына эки бала тең жүрөгүнөн кетти. Биздин аскер бөлүктөрүндө кургак учук менен ооруган балдар келет, оорусу бул жактан машыгып, күч келгенде аныкталып, канча баланы үйүнө кайтардык. Азыркы учурда Караколдогу чек ара бөлүгүндө рак менен ооруган баланы дарылап жатабыз. Ушул да болобу? Армия деген күчтүү болушу керек да.

Уландардын аскерге чакырылуусуна жоопкер коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү мындай дооматтарды четке кагып, жоокерлер дени сак, алты саны аман бойдон аскер командирлеринин колуна тапшырылып жатканын баса белгиледи:

- Командачылыктан да жоокерлерге көңүл бурулуп каралышы керек. Ар бир чакыруу сайын үч миң чамалуу бала аскерге чакырылат. Эң көп аскерлер Башкы штабда. Ал жакта, Чек ара кызматында миңден ашуун жоокерлер бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жоокерлер кооптуу иштерге тартылышат. Бирок эмнеге Жаза аткаруу кызматында жоокерлер өлүмгө көп учурайт? Командирлер карашы керек, мен дайыма айтам, эскертем, биз силердин колуңарга алты саны аман, ден соолугу бекем балдарды тапшырып атабыз. Силер дагы бизге, алардын ата-энелерине балдарын аман-эсен кайтарып бергиле деп дайыма айтам.

Жоокерлердин укугун сотто коргоп келе жаткан “Кылым шамы” уюмунун эсебинде 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан. Алардын өз жанын өзү кыйганы да айтылган. Айрымдарынын ата-энелери аскер бөлүктөрү менен соттошуп келе жаткандары бар.

Өткөн жылы Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге зомбулук көрсөткөн деген кине менен камалган үч офицер быйыл июлда Чүй облустук соту тарабынан бошотулган. Жалпы жолунан аталган аскер бөлүгүндө кызматкерлерден запкы көрдүк деген онго жакын жоокер болгону айтылган. Бирок алардын үчөө гана өз укугун коргоо үчүн арыз менен кайрылышкан. Анда кызмат өтөп жаткан үч жоокердин ата-энеси балдарын аскер жетекчилери башка бирөөлөргө жалдап бергени, кара жумушка салганы, ур-токмокко алып, мазактап-кордогону, мыйзамсыз, уставга жат иштерге барганы тууралуу айтып беришкен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG