Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:34

Түрмөнүн түйшүгү, атынган аскерлер


Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан бери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Кайтаруу жана күзөт департаментинин үч жоокери өз жанын кыйды. Департаменттин жетекчиси кырсыктарды ата-энелердин балдарына берген тарбиясына байланыштырды.

Ноябрь айынын аягында Беловодскийдеги түзөтүү абагында иштеген 21 жаштагы Нуржигит Нурлан уулу өзүн атып өлгөн. Буга анын сүйлөшкөн кызынын суицидге барганы себеп болгону айтылууда. Бул фактыны учурда Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Бул кыргыз армиясында, абактарды кайтарган аскерлер жанын кыйган биринчи учур эмес. Быйыл 6-июнда Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү колониясында 18 жаштагы күзөтчү да кезмет учурунда АК-74 автоматы менен өзүн атып алган.

Көп өтпөй, июль айынын соңунда Кайтаруу жана күзөт департаментинин (конвой) 19 жаштагы жоокери Бишкектин Ленин райондук сотуна шектүүлөрдү коштоп келип, өзү сот имаратындагы дааратканага кирип табелдик куралы менен атынып өлгөн. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы буга окшогон бардык окуяларды “суицид” деп келет.

Кайтаруу жана күзөт департаментинин жетекчиси Улан Бердикожоев аскердеги кырсыктарды жоокерлердин ата-энесине оодарды:

Улан Бердикожоев.
Улан Бердикожоев.

​- Бардыгы ата-эненин тарбиясынан болуп жатат. Коомдо өсүп, эр жигит болуп мекенди коргоого келгенде эмне үчүн өзүнө өзү кол салып жатат? Ушул маселени бүгүн талкуулайлы деп чечтик. Мунун себебин өзүбүз да билгибиз келип жатат. Ошондой эле аны коомчулукка жеткирүү аракетин кылып жатабыз.

Департаменттин каза болгон жоокерлеринин бардыгы табелдик куралы менен атынып алгандар. Маалымат боюнча Кайтаруу жана күзөт департаментине жыл сайын миңге жакын аскер кабыл алынат. Аскерлер ант бергенге чейин бир айга чукул атайын даярдыктан өтүшөт. Андан соң 12 күн окуудан өтүп эле шектүүлөрдү сотторго коштоп баруу, түрмө кайтаруу өңдүү жумуштарга тартылат. Департаменттин жетекчилиги “аскерлер катуу текшерүүдөн өткөндөн кийин гана курал берилет” деп ишендирүүгө аракет кылууда.

Психикалык оорулууларды дарылоочу республикалык борбордун башкы дарыгеринин орун басары Кубанычбек Эрмекалиев аскерге балдардын психикалык абалы жакшы текшерилбей эле алынып жатканын айтты:

- Союз учурунда аскерге чакырылгандар 50 суроодон турган тест тапшырчу. Анын ичинде “Сен кээде өз жаныңды кыйгың келбейби?” дегендей 2-3 суроо киргизилчү. Эгер бул суроолорго “ооба” деген жооп болуп калса, дарыгерлер аларды аскерге чакырылгандар менен кошо эмес, өзүнчө карачу. Негизи ден соолугу жайында эмес баланы ал военкоматта кароодон өтүп жатканда эле кармап калыш керек. Ошондо бизде өз жанын кыйгандар, армиядан качкандар азаят. Акыркы жылдары мен иштеген ооруканага суицид менен түшкөн балдар көбөйүп жатат. Анын негизги себептери - туура эмес тарбия, военкоматтан жакшы текшерилбей өтүп кеткен балдар жана армиядагы кодулоо. Мына ушунун баары чогулуп, баланы өлүмгө алып келет.

Аскерге алуу тартиби боюнча уландардын ден соолугуна байаныштуу 1-2, 3-4-баскыч болуп бөлүнөт экен. 1-2-баскычтагы талаптарга жооп бергендер Улуттук гвардияга, Мамлекеттик чек ара кызматына жана “Скорпион” өңдүү аскер бөлүктөрүнө тандалып алынат. Ал эми 3-4-баскычтагылар Кайтаруу жана күзөт департаментине кабыл алынат.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын коомдук кеңешинин төрайымы Чолпон Өмүрканова департаментке ден соолугу бекем балдар кабыл алынышы керек экенин айтты:

Чолпон Өмүрканова.
Чолпон Өмүрканова.

​- Улуттук гвардия - Кыргызстандын негизги аскердик күчү. Бирок ал​ жактагы жоокерлер Кайтаруу жана күзөт департаментинин аскерлериндей күнүмдүк жумуштарды аткарышпайт. Департаменттин балдары түрмөлөрдү, түзөтүү колонияларын кайтарышат. Бул абдан татаал жумуш. Кызмат учурунда абакта отургандар балдарды коркутушат. Ошондуктан аскерлердин иши оор. Андыктан өкмөткө Кайтаруу жана күзөт департаментине аскерлерди алууда 3-4-баскычтагы жоокерлерди эмес, 2-баскычтагы жоокерлерди алыш керек деген сунушту бергенбиз.

Кайтаруу жана күзөт департаментинин кызматкерлери менен жоокерлери Бишкектеги №47 абакты, Чүйдүн Молдовановка айылындагы үч, Жаңы-Жер айылындагы бир, Беловодский менен Петровка айылдарындагы бирден жана Жалал-Абад облусундагы бир колониядагы соттолгондорду кайтарышат.

Аскер тармагындагы кырсыктарды иликтеп келе жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова курал көтөрүп алып, абак кайтарууну “эски система” деп баа берди:​

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Аскерлер курал кармап алып түрмө кайтарган убактан деле өтүп калдык. Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдөгү түрмөлөрдүн айланасына видеобайкоо коюлган. Эгерде камактагылар абактан чыгып кетүүгө аракет кылышса же мыйзамсыз иштерди жасашса, видеобайкоону карап турган кызматкер чара көрөт. Ал жерге такшалган, 10-15 жылдык тажрыйбасы бар, мурда-кийин ушундай иштерге катышып жүргөн кызматкер отурат. Кыргызстанда болсо түрмөнү сөзсүз автомат көтөргөн бирөө айланып кайтарып турушу керек. "18 жаштагы аскер курал менен кароолго чыгып карап туруш керек" деген эски система менен калып калдык.

Жоокерлердин өмүрүн кыйышынын алдын алуу боюнча талкууга дин кызматкерлери да чакырылган. Беловодскийдеги түзөтүү абагындагы акыркы кырсыктан кийин каза болгон кыз-жигиттин “Whatsapp” аркылуу жазышкан каттары жарыяланды. Муфтияттын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билал ажы Сайпиев жоокерлерге кайрылды:

- Сүйүүнү армиядан кийинкиге калтырыш керек. Себеби телефонуңардагы “Whatsapp”, “Фейсбук” армиядан тышкары болуп жаткан жашоодогу бардык нерсени силерге жеткирип турат. Болотбек автомат көтөрүп постто турат. Сүйлөшкөн кызы Бактыгүлдү бирөө ала качып кетсе ал өзүн атып салат. Аскерде мындай түшүнүк болбош керек. Калашников автоматы – бул дүйнөдөгү эң кубаттуу курал. Ал өзүн өлтүрүү үчүн чыгарылган эмес. Мына ушуну жакшы түшүнүшүңөр керек. Аскердик милдетиң бүткөндөн кийин “апа, мына мен аман-эсен келдим” деп аскердик карыздан кутулуш керек.

Кыргызстанда Кайтаруу жана күзөт департаментинен тышкары Коргоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы жана башка бөлүктөрдө ар кандай жагдайда жыл сайын онго жакын аскерлер каза табары аныкталган.

“Кылым шамы” укук коргоо уюму 2012-жылдан 2016-жылга чейин кызмат өтөп жатып каза болгон жоокерлердин саны 62ге жеткенин тактаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG