Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Өзүнө өзү кол салган жоокерлер


Кыргыз жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын күзөт департаментинин жоокери сот имаратында өзүн атып алды. Бул соңку эки ай ичинде эле аскер куралын өзүнө каршы иштеткен үчүнчү окуя болуп калды. Фактыларды аскер прокуратурасы иликтеп жатканын кабарлоодо. Бирок адистер жоокерлердин өз өмүрүнө кол салуусунун алдын алган чараларды күчөтүү зарыл экенин эскертип жатышат.

Соңку окуя 31-июль күнү катталды. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кайтаруу жана күзөт (конвой) департаментинин аскерлери кадимкидей эле шектүүлөрдү Бишкектин Ленин райондук сотуна алып келишкен. Саат 15:43төр чамасында жоокерлердин бири сот имаратындагы дааратканага кирип, өзүн атып алган.

Окуянын чоо-жайын “Азаттыкка” Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди:

-19 жаштагы Ж.Э. аттуу жоокер Бишкектин Биринчи май райондук аскер комиссариаты аркылуу быйыл апрелде аскердик кызмат өтөөгө келген. Өзү да Бишкек шаарынын тургуну. Бир сыйра даярдыктан өткөндөн кийин, шектүүлөрдү коштоп жүрүүгө чыгып жүргөн. Ошол күнү өзү дааратканага барууну суранган, андан кийин эле атылган октун үнү угулган. Биздин кызматкерлер барган учурда ал табелдик курал менен өзүн башка атып алганын көрүшкөн. Катардагы жоокер алган жараатынан улам "Тез жардам" келгенге чейин жан берген. Окуя болгон жерге Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу жана аскер прокуратурасынын кызматкерлери барып, териштирүү иштерин баштаган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Биздеги маалыматтар ушул.

Учурда факт боюнча ишти Бишкек гарнизондук аскер прокуратурасы тергеп жатат. Аскер прокуратурасынан иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Бирок бул ЖАМКтын ушул бөлүмүндө кызмат кылган аскерлерлер өзүнө кол салган соңку эки айдагы үчүнчү факты болуп калды.

13-июлда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 жатак абагында 21 жаштагы жоокер өзүн атып алган. Автоматтан атылган ок жоокердин ээгине тийип, Чүй облустук ооруканасына жаткырылган. Мекеме дарыгерлерге таянып билдиргендей, ага операция жасалган, абалы оор. Жабырлануучу кийин республикалык ооруканага которулган. Бул фактыны тергөөчүлөр шалаакылык жана кокустук деп аташкан. Иликтөөнүн башка жагдайлары белгисиз.

Андан мурдараак, 6-июнда Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү колониясында 18 жаштагы кароолчу кезмет учурунда АК-74 автоматы менен өзүн өзү атып алган. ЖАМКтын маалыматына ылайык, тергөөнүн баштапкы жыйынтыгы бул фактыны “суицид” деп тапкан.

Маркум жоокер Арзыбек Байсал уулу.
Маркум жоокер Арзыбек Байсал уулу.

Бирок №19 колонияда каза тапкан жоокер Арзыбек Байсал уулунун жакындары анын өз өмүрүн кыйганына таптакыр ишенбей турушат. Алар ошондой эле тергөөнүн кечеңдеп жатканына да нааразыгын билдирүүдө. Маркум жоокер Арзыбектин бир тууган таякеси Эркин Тагаев “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- - Арзыбек Байсал уулу менин бир тууган эжемдин баласы. Үч-төрт жашынан баштап, аскерге кеткенге чейин менин колумда чоңойгон. Өзү үч жолу суранып, арыз жазып жатып аскерге кеткен. Зордоп же мажбурлап алып кетишкен эмес. Чекпейт, ичпейт, акыл-эси жайында, спорт менен машыкчу. Арзыбек ал тургай аскерге даярдык боюнча республикалык таймашта курал чогултуудан экинчи орунду алган. Анан ушундай бала өзүн-өзү атып алды дегенге ишенбейм. Жээним турмуштан кыйналган эмес, бирөөгө таарынса дароо мага чалып, айтмак. Мен окуядан кийин тергөөчүлөргө баарын айткам. Телефондо бирөөлөр менен сүйлөшкөндөрү бар экен, аларын тактагыла деп суранганбыз. Бирок ошону тергеп аягына чыкпай, иликтөөнү кечеңдетип жатканына нааразыбыз. Адам өлсө, бирөөнүн телефону уурдалгандай мамиле жасап, көңүлкош мамиле жасап жатышат, - деди Эркин Тагаев.

Кыргызстандык жоокерлер.
Кыргызстандык жоокерлер.

Канткен менен акыркы убакта өзүнө өзү кол салган үч жоокер тең ЖАМКка караштуу жоокерлер экени өзүнчө суроо жаратууда. Мекеме мунун түздөн-түз себебин тергөө аныкташы керек экенин айтканы менен, кыйыр себебин аларга чабалыраак аскерлер бөлүнүп калганы менен байланыштырат.

- Аскер комиссариаты топтогон аскерлер Улуттук гвардияга, Башкы штабга жана башка бөлүмдөргө тандалып кетет. Алардан калган жоокерлер бизге бөлүнөт. Бирок бизге келген балдардын көбү өтө алсыз болуп жатат. Көбүнчө даярдыгы да жок, кат-сабаты да ачылган эмес. Кызмат өтөөгө, жоокерликке даяр эмес балдар болуп калып жатат. Жаштыгы менен физикалык жагын айтпай эле коеюн, моралдык-психологиялык жагы начар балдар келип калып жатат. Ичинде ошондой эле ата-энелери ар кайсы жакка кетип калып, туугандарынын же бирөөнүн колунда өскөндөрү да көп. Ал жерде жүрүп кээ бирлери окубай, көчө таптап да жүргөндөрү болот экен. Мына ушул нерселер да жогорудагыдай көрүнүштөргө алып келүүдө көп роль ойнойт экен. Биз кааласакда, каалабасак да ушул маселелер бар, аны мамлекеттик деңгээлде эске алыш керек деп эсептейбиз, - ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова.​

Сабатарова жоокерлерге алар коштоп жүрчү шектүүлөр жана соттолгон адамдар менен карым-катыш кылбоо жана сүйлөшпөө тууралуу көрсөтмө берилерин белгилейт. "Жоокерлер ошондой эле аларды тааныгандар же жердештери отурган абактардан да алысыраак кызмат кылышат" дейт ал. Мекеме өкүлү ошого карабай абакта отургандар айрым жоокерлерге таасир этип коюшу мүмкүн экенин, аны тергөө аныкташы керектигин айтты.

Ошол эле учурда адистер бул көрүнүштөр мурдатан эле белгилүү экенин, ошондуктан жаза аткаруу багытындагы кызматка жаңыдан чакырылган аскерлерди жибербеш керек экенин эскертишет.

Аскер тармагындагы өлүмдөрдү иликтөөгө алып келген “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова буларга токтолду:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Негизи аскерге жаңы келген балдарды таптакыр түрмө кайтартпаш керек. Анткени ал мурда-кийин курал кармаган эмес. Жок дегенде даярдыктан өткөн эмес. Анын үстүнө түрмө кайтаруу - бул өзгөчө иш, ал жер өзүнчө контингент да. Алар жалаң эле түрмөнү эмес, ошол жерде соттолгондорду да тынбай карап турушат. Соттолгондор буларга ар кандай басым жасаса, психологиялык жактан таасир этсе, алар кандай акыбалда болушат? Ошондуктан абактарга келишимдик негизде кызмат кылган, дасыккан гана адистерди жөнөтүп, кайтартыш керек. Мен өткөндө президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда даяр эмес аскерлерди абак кайтарууга коюуну токтотуу боюнча маселе койгом. Президент "карап чыгам" деп убада берген.

Анткен менен аскерде кызмат кылып жүрүп каза тапкандар башка аскердик бөлүктөрдө деле аз эмес. Коргоо министрлиги, Мамлекеттик чек ара кызматы жана башка бөлүктөрдө ачыкка чыкканы же чыкпаганы болуп жатып ар кандай жагдайда Кыргызстанда жыл сайын онго жакын аскерлер каза табат. Алардын кээ бирлери суицид деп табылса, айрымдары бири-бирин сабап, атып салып жан беришет.

Кыргыз аскерлери.
Кыргыз аскерлери.

Ушул эле “Кылым шамы” укук коргоо уюму 2012-жылдан 2016-жылга чейин кызмат өтөп жатып ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны 62ге жеткенин тактаган. Алардын 70 пайызга жакыны өз жанын кыйганы белгилүү болгон. Уюм андан бери бул тармакта мониторинг жүргүзбөй калганын, андыктан аскерлердин өлүмү азайып же көбөйгөнү тууралуу маалымат бере албай тургандыгын билдирүүдө.

Байкоочулардын баамында, кыргыз армиясында кызматта жүрүп ажал тапкандардын көбөйүшүнө чоң муштумдардын жазасыз калышы себеп болууда.

Аскер иштери боюнча адис Анвар Сартаев Кыргызстанда аскер адамдарын социалдык коргоо боюнча мамлекеттик саясат жок экенин айтууда:

- Адам аскерге кызмат өтөөгө барса, анын 20га жакын укугуна чектөө киргизилет. Ал бул кызматка барып жатып өзү ошончо укуктары чектелерин билет. Бирок ошол эле учурда мамлекет да ага жоопкерчилик алып, анын укуктарын компенсациялап, башка жактан жеңилдик жана жардам бериши керек. Бул жагынан Өзбекстанда жакшы практика бар. Аларда аскерге баргандарга жакшы кам көрүлөт, натыйжада баргысы келгендер да көп. Жаштар жылдап даярданып, сынактан өткөндөй болуп, тандалып жатып кирет. Каалаган адам эле кире албайт. Бизде болсо азыр 11-кластты бүткөн эле окуучуну аскерге алып жатышат. Ал эч кандай даярдыктан өтпөйт. Алар моралдык-психологиялык жактан эч кандай даярдыгы жок, физикалык жактан чабал. Натыйжада ушундай кесепеттерге туш келип жатабыз. Бул жерде жоопкерчиликти өкмөт өзүнө алып, аскерге даярдыкты жандантышы керек.

Буга чейин кызмат учурунда каза болгон аскерлер үчүн компенсация төлөө маселеси далай көтөрүлгөн. Укук коргоочулар өз өмүрүнө кол салган кээ бир жоокерлердин ата-энесине мамлекеттен кун өндүрүп берген. Бирок көпчүлүгү компенсация алганы же албаганы белгисиз.

Быйыл жыл башында болсо Коргонуу боюнча мамлекеттик комитет буга чейин аскерде түрдүү себептер менен курман болгон жоокерлер үчүн компенсация катары 1 млн. 40 сом төлөө боюнча демилге көтөргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG