Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Атынып алганы кабарланган жоокердин жакындары тергөөнү тездетүүнү талап кылышты


Маркум жоокер Арзыбек Байсал уулу.
Маркум жоокер Арзыбек Байсал уулу.

Чүй облусунун Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү колониясында өзүн-өзү атып алганы кабарланган 18 жаштагы жоокер Арзыбек Байсал уулунун жакындары анын өлүмү боюнча тергөөнү тездетүүнү талап кылып чыгышты.

Маркум жоокердин бир тууган таякеси Эркин Тагаев “Азаттыкка” Арзыбектин өз өмүрүн кыйганына ишенбей турганын, ага карабай экспертиза менен тергөөнүн жыйынтыгын күтүп жатканын билдирди:

- Арзыбек Байсал уулу менин бир тууган эжемдин баласы. Үч-төрт жашынан баштап, аскерге кеткенге чейин менин колумда чоңойгон. Өзү үч жолу суранып, арыз жазып жатып аскерге кеткен. Зордоп же мажбурлап алып кетишкен эмес. Чекпейт, ичпейт, акыл-эси баары жайында, спорт менен машыкчу. Арзыбек ал тургай аскерге даярдык боюнча республикалык таймашта курал чогултуудан экинчи орунду алган. Анан ушундай бала өзүн-өзү атып алды дегенге ишенбейм. Жээним турмуштан кыйналган эмес, бирөөгө таарынса дароо мага чалып, айтмак. Мен окуядан кийин тергөөчүлөргө баарын айткам. Телефондо бирөөлөр менен сүйлөшкөндөрү бар экен, аларын тактагыла деп суранганбыз. Бирок ошону тергеп аягына чыкпай, иликтөөнү кечеңдетип жатканына нааразыбыз. Адам өлсө, бирөөнүн телефону уурдалгандай мамиле жасап, көңүлкош мамиле жасап жатышат, - деди Эркин Тагаев.

Маалым болгондой, окуя 7-июнда болгон. Быйыл апрелде аскерге кызмат кылууга келген 18 жаштагы кароолчу кезмет учурунда АК-74 автоматы менен өзүн өзү атып алганы кабарланган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, тергөөнүн баштапкы жыйынтыгы бул фактыны “суицид” деп тапкан. Бирок тергөөнүн толук корутундусу чыга элек.

Ишти аскер гарнизондук прокуратурасы иликтеп жатат, мекемеден бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

13-июлда да Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 жатак абагында 21 жаштагы жоокер өзүн атып алган. Автоматтан атылган ок жоокердин ээгине тийип, Чүй облустук ооруканасына жаткырылган. Мекеме дарыгерлерге таянып билдиргендей, ага операция жасалган, абалы оор.

31-июлда болсо Бишкектин Ленин райондук сотунун имаратында жоокер дааратканага кирип, өзүн атып алган. Үч жоокер тең Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана күзөтүү бөлүмүн аскердик бөлүгүндө кызмат кылышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG