Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Аскерде өчкөн өмүргө кун төлөө сунушталды


Кыргыз армиясы (Иллюстрация)
Кыргыз армиясы (Иллюстрация)

Кыргызстандын акыйкатчысы аскерде каза тапкан ар бир жоокер үчүн мамлекет кенемте төлөп берүүгө тийиш деген демилге көтөрүп, муну өкмөткө жана парламентке сунуштады.

Ошондой эле омбудсмен жоокердин өз жанын кыйган фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, тергелүүсү керек деп эсептейт. Аскер прокуратурасы жоокер өлүмүнө алып барган ар бир факт текшерилет деп ишендирүүдө.

"Кырчындай уулумдун ордуна сөөгү келди"

1997-жылы туулган Бегалы Шамшидинов 2015-жылы Улуттук гвардиянын Кара-Көл шаарындагы бөлүгүндө аскер кызматын өтөп жүрүп набыт болгон. Ал адегенде өз ажалынан өлдү деп түшүндүрүлүп, кийинчерээк киши колдуу болгону аныкталган. Бул тууралуу маркумдун атасы Кочкорбай Сабиров айтып берди:

- Биринчи чакырганда "каза болуп калды" деп чакырышты. Барсак, капысынан жүрөгү кармап калды дешти. Биз ага ишенбей, уулумдун сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөрсөк, кекиртеги үзүлүп кетиптир. Анын жыйынтыгы менен Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Тергөөдө айыптуу деп эки жоокерди кармап, бирөө моюнуна алган. Ал 13 жылга соттолду.

Иллюстрация
Иллюстрация

Кочкорбай Сабиров аскер милдетин өтөп жүрүп өлгөн уулу үчүн мамлекеттен компенсация сурап, аскер бөлүктөрүнө, ошол кездеги Коргоо министрлигине кайрылып, бирок майнап чыгара албай койгон:

- Компенсация сурап кайрылсам кабыл алган эмес. Аскер соту уулум кызмат өтөгөн аскердик бөлүк кенемте төлөбөйт, Бишкектеги Улуттук гвардия төлөйт деп чечим чыгарган. Ал жакка деле кайрылдык. Жооп болгон жок. Мен уулумдун тажиясына кеткен чыгымды гана, 200 миң сом сураган элем. Жооп беришкен эмес.

Ата-эне укуксуз, мамлекеттин жоопкерчилиги жок

Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев аскерде каза тапкан жоокерлер үчүн мамлекет компенсация төлөп бериши керек деп эсептейт:

- Жоокерди аскерге чакырып, аны өзүнө өткөрүп алган соң, мамлекет анын коопсуздугуна жоопкер болот. Аскерге чакырылган жоокер кандай гана жагдайда каза болбосун, анын ата-энесине, жакындарына кенемте төлөнүшү керек. Кандай гана шартта болбосун, ок жеп каза болобу, таяктанбы же тил кат жазып өз өмүрүн кыябы, ага мамлекет тарабынан компенсация төлөнүп берилиши керек деп сунуштап жатабыз.

Кубат Оторбаев
Кубат Оторбаев

Мындай демилгени "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова да колдойт:

- Кандайдыр бир кырсык болсо, суицид болсо да, жаракат алса да, жоокердин жакындарына, өзүнө ошол акчадан кенемте төлөнүшү керек. Бизде жоокер каза болсо, "өз өмүрүнө кол салды" деп эле жаап коюу аракети көп болгонун иш тажрыйбабызда жолуктурдук. Ондогон фактылар бар, бардык соттук тепкичтерди басып өткөндө да, ата-эненин укугу менен мамлекеттин жоопкерчилиги такталбай калып жатты. Анткени он сегизге чыгарып, кырчындай болгон уулун мамлекеттин колуна өткөрүп берген ата-энелер жоготууга учурап, сыздап жатат. Мамлекет эч кандай жоопкерчилик алган жок.

Акыйкатчы институту менен "Кылым шамы" укук коргоо уюму мындай тыянакка аскерге чакырылган балдардын укуктарын иликтеп чыккандан кийин келишкен.

Прокуратура: Ар бир факт иликтенет

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы кыргыз армиясында алты аскер каза тапкан. Алардын бирөө өз жанын кыйган. Акыйкатчы аскер кызматкерлеринин, жоокерлердин арасында өз жанын кыюу фактысы боюнча кылмыш иши козголбой калган учурлар бар экенин белгиледи:

- Аскерге чакырылган жоокер кандай гана шартта каза болбосун, кылмыш иши козголушу керек. Азыр болсо, эгер жоокер өз жанын кыйган деп табылса, Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгобойт. Жоокерди өз жанынан кечүүгө эмне жеткиргени белгисиз болуп, ата-энеси күйүткө батып кала берүүдө.

Аскер прокуратурасы жоокерлердин өлүмү боюнча ар бир факт тыкыр иликтенет, кылмыш ишин козгоого негиз болсо сөзсүз козголот деп ишендирип келет. Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Асылбек Малаев ата-энелердин дооматтары да эске алынарын билдирүүдө:

​- Ар бир факт тыкыр текшерилет. Мейли суицид болсун, мейли өз жанын кыюуга аракет болсун. Биз ар бир өлүмдүн чоо-жайын иликтеп, экспертизаларды дайындайбыз. Ата-энелердин дооматтары да эске алынат. Эгер суицидге жеткирген жагдайлар болсо сөзсүз кылмыш иши козголот. Армиядагы чоңсунуу сыяктуу уставдан тышкаркы мамилелердин, суициддердин алдын алынат деп, буга негиз катары бардык аскер бөлүктөргө видеокөзөмөлдөр коюлду.

Иллюстрация
Иллюстрация

Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча 2010-2016-жылдар аралыгында кыргыз армиясында 84 жоокер ажал тапса, анын 65 пайызы өз өмүрүнө кол салган.

Быйылкы беш ай ичинде аскер кызматкерлеринин ичинен бир гана өлүм катталды. Майлуу-Суудагы №30295 аскер бөлүгүндө келишим менен кызмат өтөп жаткан жоокер 18-май күнү этиятсыздыктан улам каза болду.

Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы маркумду кызматташ шериги автоунаа менен коюп кетип, алган жараатынан улам жоокер ооруканада көз жумганын маалымдаган. Бул окуя Аскер прокуратурасынын Жалал-Абад гарнизону тарабынан териштирилүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG