Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Жоокер өлүмү жылдагыдан азайды


Кыргыз жоокерлери.
Кыргыз жоокерлери.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев парламенттеги эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде аскерде кызмат өтөгөндөрдүн укугу боюнча атайын баяндама жасады.

Армияга уулун алты саны аман жөнөтүп, бирок көп өтпөй сөөгүн алган ата-энелердин бири Бакытбек Касмалиев эки жылдан бери соттон сотко чуркап жүрөт. Ал 18 жаштагы уулу Нурсултан Карагуловдун өз жанын кыйды дегенге ишенбей, анын өлүмүнүн себебин чоң муштумдардан көрүп келет.

- Эки жылдан бери соттон жыйынтык чыкпай келет. Суицидге такап эле созуп келатышат. Тергөөчүлөр улам алмашып жатат. Биз суицид эмес, командирден көрүп жатабыз.

Мына ушундай ата-энелердин муңунан улам акыйкатчы Кубат Оторбаев парламенттеги эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде аскер укуктары боюнча атайын баяндама жасады. Аталган баяндамада кызмат өтөөдө ажал тапкан жоокерлерге өзгөчө басым жасалды. Баяндама “Кылым шамы” укук коргоо борбору менен биргеликте даярдалып, 532 аскердин жабык сурамжылоосуна таянат.

Аскердеги чоңсунуунун кесепети...

Аскердеги чоңсунуунун кесепети...

Кыргызстандын Дайыр Асанов атындагы аскердик окуу жайдын 69 курсанты качып кеткендиги аскерде адам укугун коргоо жана ички тартиптин аксап жаткандыгын дагы бир жолу айгинелегендей болду.

Оторбаевдин маалыматы боюнча 2016-жылы кыргыз армиясында алты жоокер ажал тапса, анын бирөө өз жанын кыйган. Калгандары уставдан тыш мамиле, куралды туура эмес колдонуу жана атайылап денеге залал келтирүүгө байланыштуу. 2015-жылы болсо он өлүм катталган болчу. Мындан улам Акыйкатчы институту жоокер суицидге барган күндө да Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгошу керек деген талапты коюуда.

- Суициддин саны азайып жатат. Бирок суицид катталган учурда Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгобойт. Биз өзүнө кол салуу кандай гана негизде болбосун кылмыш иши сөзсүз козголушу керек деген талапты коюп жатабыз. Кылмыш иши козголсо иликтөө иштери кенен жүргүзүлөт. Эң жаман нерсе - өз жанын кыйды деген жоокерлерге эч кандай кенемте төлөнбөйт. Биз мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, суицид менен өлгөн жоокерлердин ата-энелерине кенемте төлөө маселесин көтөрүп жатабыз.

Акыйкатчынын мындай сунушун комитет депутаттары да колдоого алып, тиешелүү мыйзамдарды өзгөртөрүн билдиришти.

Жоопкерчилик күчөтүлсө...

Анткен менен Аскер прокуратурасы жоокерлердин өлүмү боюнча ар бир факты тыкыр иликтенерин айтып келет. Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Асылбек Малаев аскер өлүмдөрү жең ичинен жабылат деген сөздөрдү четке кагууда:

- Ар бир факт тыкыр текшерилет. Мейли суицид болсун, мейли өз жанын кыюуга аракет болсун. Биз ар бир өлүмдүн чоо-жайын иликтеп, экспертизаларды дайындайбыз. Ата-энелердин дооматтары да эске алынат. Эгер суицидге жеткирген жагдайлар болсо сөзсүз кылмыш иши козголот. Былтыр алты аракет, бир суцид болсо, быйыл жыл башынан бери бир да суицид аракети боло элек. Анткени биз бардык аскер бөлүктөргө видеокөзөмөл коюп, өлүмдөрдү алдын алып жатабыз.

Аскер прокуратурасы билдиргендей, 2016-жылы алты жоокер өз жанын кыюуга аракет жасаган. Өлүм менен аяктаган бир учур катталган.

Армиядагы өлүмдөрдүн себептерин ар ким ар кандай жоромолдоп келет. Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев жоокерлердин өлүмүн азайтуу үчүн коомдук көзөмөлдү күчөтүү керек деген ойдо.

- Биринчиден, мамлекеттин жоопкерчилигин күчөтүш керек. Анткени аскердик кызмат ыктыярдуу эмес, милдеттүү түрдө. Мамлекет жоокерлерди ата-энесине аман кайтарышы керек. Экинчиден, коомдук көзөмөлдү күчөтүү керек. Кырсыктардын азайышына жарандык коомдун салымы чоң. Канчалык көзөмөл күч болсо жең ичинен жаап коюулар ошончо аз болот.

Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча 2010-2016-жылдар аралыгында кыргыз армиясында 84 жоокер ажал тапса, анын 65 пайызы өз өмүрүнө кол салган.

Global Firepower аскердик-аналитикалык порталы 2015-жылы түзгөн рейтингде кыргыз армиясы 126 өлкөнүн ичинен 78-орунда турган. Рейтинг аскерлердин саны, алардын курал-жарак, аскердик техникалар менен камсыздалуу деңгээлине карап жүргүзүлгөн. Андагы маалыматка караганда, Кыргызстанда 16 миңден ашуун аскер кызматкери бар. 10 миң адам запаста турат. Ал эми 3 миллионго жакын жаран өлкөнүн жалпы мобилизациялык потенциалын түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG