Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Чүйдөгү абакта жарадар болгон жоокердин абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 жатак абагында октон жараат алган жоокердин абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жоокер учурда эс-учуна келе албай оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

21 жаштагы жоокер жарадар абалда кечээ эртең менен табылган. Ал өзүнө ок атып алган деп болжолдонууда. Автоматтан атылган ок жоокердин ээгине тийген.

Окуя болгон жерде Жаза аткаруу кызматынын ыкчам-иликтөө тобу жана Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү иликтөө жүргүзүп жатат.

Ушуга окшош эле окуя июнь айынын башында Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү колониясында да болгон. 18 жаштагы кароолчу кезмет учурунда АК-74 автоматы менен өзүн өзү атып алган. ЖАМКтын маалыматына ылайык, тергөө бул факты боюнча суицид деп жыйынтык чыгарган. (BkA)

XS
SM
MD
LG