Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

Кыргыз армиясында зомбулук тыйыла элек


Кыргыз армиясындагы аскерлердин укуктары тууралуу жыйын. 21-декабрь, 2018-жыл.
Кыргыз армиясындагы аскерлердин укуктары тууралуу жыйын. 21-декабрь, 2018-жыл.

Кыргызстанда аскер бөлүктөрүндө текшерүү тоскоолдукка учураган учурлар көбөйдү.

Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор билдирди. Аталган борбор Бишкекте 21-декабрда аскерлердин, аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышы тууралуу өз иликтөөсүн жарыялады. Анда кыргыз армиясы зордук-зомбулук, чоңсунуу, сыяктуу көрүнүштөрдөн арыла электиги айтылат.

Талкууга армияда каза тапкан, зордук-зомбулук көргөн, кырсыктаган, майып болуп калган жоокерлердин жакындары да катышты.

Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Арзыкан Юсупова көкүрөк күчүгү Дастанбек Шамсидиновду 2016-жылы армияга жөнөткөн. Баласы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүнө барган. Бирок Дастанбек төрт айдан кийин эле психиатриялык ооруканага жатып калган.

Арзыкан Юсупова.
Арзыкан Юсупова.

- Төрт айдан кийин эле “балаңарды аскер госпиталынан көрүп кеткиле” дешти. Аскер госпиталына барып баламды таппай калдык, көрсө психиатриялык ооруканага жаткырып коюшуптур, - дейт Арзыкан Юсупова. - Мен барганымда жатканына 13 күн болуп калган экен. Дарыгерлерден “баламды бергиле, алып кетейин” десем, "бербейбиз, аскердик бөлүккө которобуз, ошол жактан алып кетесиңер" деп коюшту. Балам аскердик бөлүккө бир айдан кийин барды. Анда атасы барган, “бул жактан кийимин ала баралы” десем командирлери “аскер кийими менен жөнөтөбүз” дешкен. Атасы барганда “форманы бере албайбыз” деп психиатриялык ооруканада кийип жаткан кийимдери менен жөнөтүп коюшуптур. "Балам, эмне болду?" десем: "Билбейм" дейт. Эч нерсени билбейт. Ант бергенден кийин да эч нерсени айтпайт экен да. Ушул күнгө чейин эч нерсе айтпай жатат. Атасы жаңы алып келгенде катуу тебишкен экен, буттун изи да бар болчу. Бир балам Орусиядан ооруп келип операция болуп калды, атасы астма менен ооруп калды. Ошого алаксып бул баламдын иши боюнча чуркай албай калдым. Азыр дарыгерлер “башында суу бар, тамырына кан уюп калган” деп жатышат.

​Дастанбек Шамсидинов учурда Бишкекте психиатриялык ооруканада жатат. Апасы Арзыкан Юсупова тиешелүү органдардын баарына кайрылып, бирок баласын азыркы абалга жеткиргендер аныкталбай, териштирилбей калганына көз жашын төгүп ыйлап жүрөт.

Дастанбек Шамсидинов.
Дастанбек Шамсидинов.

- Балам армияга чакырылганда ошол аскер комиссарлары "барбай эле кой, билет сатып алчы" деп да айтышыптыр, - дейт ал. - Балам “аскерге барам” деп, болбой өзү кеткен. Чындык жок экен, "армияга барам" деп өзү кеткен баламдын келечегине балта чаап коюшту. Кенжем, көкүрөк күчүгүм, балдарымдан башкача мээрман эле... Азыр эми ооруканада жатат. Командирлери "билбейбиз, өзүнөн өзү эле колун жаңсап “өчүмдү алам” дегендей сөздөрдү сүйлөп калганынан аскер госпиталына жаткырдык" деди. Азыр "апа, дары берчи" дейт, башка эч нерсе айтпайт. “Бери кара” десем моюнун эмес, денесинин баарын бурат. Көрсө башка чаап, сабашкан экен. Бардык жерге арыз жаздым. Үнүмдү эч ким уккан жок. Азыр акчалуунун эле заманы экен... Бир балам майып, атасы да оорукчан, өзүм эле жалгыз чуркап жүрөм. Балама "уулум, сен үчүн бардык жакка барам" дедим. Эне деген ушул экен да...

20 жаштагы Кубанычбек Талдыбековдун багар-көрөрү жок болгондуктан балдар үйүндө чоңойгон. “Келечекте аскер кызматкери болом” деген кыялы Токмок шаарындагы "Скорпион" тандалма аскер бөлүгүндө толугу менен талкаланган.

Кубанычбек Талдыбеков.
Кубанычбек Талдыбеков.

- Мен алгач Ошто кызмат өтөп келдим, - дейт жоокер. - Ефрейтор деген наам менен келдим, өзүмдүн милдетимди так аткардым. Кызматымды өтөп бүткөндөн кийин Кыргызстандагы эң мыкты, биринчи орундагы аскердик бөлүк "Скорпион" экенин Интернеттен окуп, ал жакта контракттык негизде кызмат өтөөнү чечтим. Документ тапшырып киргенде эле Нурмухамед уулу деген чоң бала дааратканага киргизип алып эсимди оодара чапты. "Мени менен таанышат го” деп денемди бош таштап күтүп тургам. Ал жакта "дедовщина" бар экен, айбан да жасабай турган нерселерди жасашат экен. Ошол жакта иштеген чоң-чоң кишилер мага арак, тамеки ташытып, анча-мынча балдарга насыя да алдыртышат экен. Азыр алардын ата-энелери ыйлап, кайда кайрыларын билбей жүрүшөт. Ошол жактагы офицерлерге, юристтерге ишенип, материалдардын баарын бергем, ошондон кийин "сен “сасыксың”, биздин арабызда эмне жүрөсүң, кетпейсиңби" деп мага психологиялык жактан кысым көрсөтө башташты. Ошол учурларда мага “ушулардын баарын автомат менен чайкап салсамбы” деген да жаман ой кетчү... Бирок ага барган жокмун, сабыр кылдым, маалыматтын баарын чогулттум, Кыргызстан, эл-журт билсин дедим. Ушуну менен аскердик карьерам бүттү.

Кубанычбек Талдыбеков армиядагы уставга жат мамилелерге байланыштуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборго кайрылган. Азыр териштирүү жүрүп жатат. Аталган борбор аскерлердин укуктарынын сакталышы боюнча иликтөөсүнүн корутундусун жарыялады.

Уюмдун башчысы Нурдин Сулаймановдун айтымында, кыргыз армиясы буга чейин коомчулукка белгилүү болгон мүшкүлдөрдөн арыла элек.

Нурдин Сулайманов.
Нурдин Сулайманов.

- Башкы штаб жана башка аскер бөлүктөрү медициналык жардамдын сапаты жагынан аксап жатат, - деди Нурдин Сулайманов. - Анан чоңсунуу, зордук-зомбулук эң чоң көйгөй боюнча эле калып жатат. Бир жылдык аскерге чакырылгандар эмес, айлык алып келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөндөрдүн арасында деле ушундай уставга каршы мамилелер бар экенин аныктадык. Калыстык үчүн айта кетели, мурунку жылдарга салыштырмалуу аскердик бөлүктөрдүн теңинен көбүндө жоокерлердин жашоо-шарты, тамак-ашы оңолуп калды. Бирок 30-40 пайызында санитардык-гигиеналык нормалар сакталбайт. Дааратканалары, жууна турган жайлары баштан-аяк ремонтко муктаж.

​Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Курманбек Исаков аскердеги кыйынчылыктардын көбү каражатка барып такаларын айтты:

- Куралдуу күчтөрдө соңку үч жылдан бери жакшы жетишкендиктер бар. Ар кандай терс көрүнүштөр, жоготуулар, уставга жат мамилелер, өз өмүрүнө кол салган учурлар бирин-серин болуп, азайып калды деп айтсак болот. Бул жерде объективдүү болушубуз керек. Бизге каражат толук бөлүнүп берилбегендиктен гранттар аркылуу, берилген акчаны үнөмдүү колдонуп, тамак-ашка, кийим-кечеге, иш сапарларына, күйүүчү майга жана башкага жеткириш үчүн колдон келген аракетибизди кылып жатабыз.

Кыргыз армиясындагы көйгөйлөр тууралуу сөз болгондо аскер прокуратурасынын дарегине доомат көп айтылат. Жоокер өлүмүнө байланыштуу бул мекеме кылмыш ишин козгоодон баш тарткан учурлар болот, козголгон кылмыш иштери аягына чыкпай калганына же корутундусуна байланыштуу нааразы болгондор чыгат.

Бирок аскер прокурорунун орун басары Сагындык Мукашев дооматтарды четке какты.

Сагындык Мукашев.
Сагындык Мукашев.

- Аскер прокуратурасы ар бир фактыны дыкат текшерүүгө аракет кылат, болгон күчүн жумшайт, - деди ал. - Көп фактылар боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Айрымдары боюнча чечим кабыл алынды. Ал чечимдерге нааразы болгон тарап кайра прокуратурага, сот органдарына кайрылууга толук укугу бар. Эгер кандайдыр жаңы жагдайды айтса же конкреттүү дагы башка фактылар болсо, анда текшерүү жүргүзүп, арыз ээсине анын жыйынтыгын билдирет.

Жыл башынан бери кыргыз армиясында жоокерлердин өлүмү, чоңсунуу, зордук-зомбулук өңдүү бир катар чуулгандуу окуялар жана олуттуу кырсыктар катталды.

"Азаттыктын" архиви. 8-август, 2018-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG