Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:55

Бишкек: Бир аскердик бөлүктө экинчи өлүм катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде кызмат өтөп жаткан жоокердин өлүмү иликтене баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Азамат Оторбаев билдирди. Анын айтымында, окуя 21-декабрда Бишкектеги №702 аскер бөлүгүндө болгон.

«Болжол менен эртең мененки 5:30 чамасында жоокер асынып калган абалда табылган. Себептери такталып жатат. Бул боюнча Бишкек шаардык Аскер прокуратурасы сотко чейинки териштирүү жүргүзүүдө», - деди ал.

Каза болгон жоокер 22 жашта болчу. Ал аскерге мөөнөттүү кызмат өтөөгө жогорку окуу жайын аяктагандан кийин Бишкектин Свердлов районунан быйыл күзүндө чакырылган. Маркумдун аты-жөнү ачык айтылган жок.

Оторбаевдин айтымында, быйыл февраль айынын башында да ички аскерлерде бир суицид фактысы катталган. Окуя ушул эле №702 аскердик бөлүктө болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG