Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

ВИЧ оорулуу балдарга планшеттер берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасы, ВИЧ-СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча глобалдык фонд Кыргызстандагы ВИЧ оорулуу балдарга планшет белек кылды.

Өлкөдөгү 480 мектеп жашындагы ВИЧ статусу бар бала заманбап технологиянын жардамы менен психолог, социалдык кызматкерлердин кеңешин онлайн алса болот. Бул тууралуу БУУнун өнүгүү программасы кабарлады.

Азыркы тапта бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын демилгеси менен "Өнөктөштүк тармагы" аттуу ВИЧ статусу менен жашагандарга багытталган атайын уюлдук тиркеме иштелип чыгууда. Кыргыз жана орус тилиндеги бул тиркемеде ВИЧ инфекциясынын алдын алуу, аныктоо жана аны менен жашоого байланыштуу бардык маалыматтар болот.

Планшет алган балдардын көбү вирусту 2000-жылдардын башында ооруканадан жуктуруп алган.

Кыргызстанда ВИЧ жуккандардын саны 10 миңден ашуун, алардын 2,5 миңдейи каза болгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG