Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Кабул университетине аялдарга жана кыздарга кирүүгө тыюу салынды


Кабул университетинин мурдагы ректору Мухаммад Осман Бабури студенттердин алдында сүйлөп жатат, 22-сентябрь, 2021-жыл.
Кабул университетинин мурдагы ректору Мухаммад Осман Бабури студенттердин алдында сүйлөп жатат, 22-сентябрь, 2021-жыл.

Кабул университети студент кыздарды жана аял окутуучуларды киргизбейт. Мындай чектөө университетте "чыныгы исламчыл чөйрө" түзүлмөйүнчө уланат. Бул тууралуу университеттин жаңы ректору Мохаммад Ашраф Гайрат билдирди.

"Талибан" радикал кыймылы (Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган) эркек балдар менен эркек мугалимдер үчүн гана мектептерди ачууга буйрук берди.

Ооганстан дүйнөдө кыздар мектепке бара албай калган жалгыз өлкө болуп калышы мүмкүн. 1990-жылдары талибдер өлкөнү башкарып турганда аялдардын билим алуусуна тыюу салынган.

Кабул университетинин жаңы жетекчиси бир нече күн мурун окуу жайдын ректору, илимдин доктору, таанымал интеллектуал Мухаммад Осман Бабурини кызматтан четтеткен.

XS
SM
MD
LG