Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

COVID-19: Өзбекстан 12 жаштан тарта эмдөөгө уруксат берди


Өзбекстанда окууга тапшырып жаткандарды текшерүү.
Өзбекстанда окууга тапшырып жаткандарды текшерүү.

Өзбекстанда өспүрүмдөргө 12 жаштан тарта өз эрки менен Pfizer вакцинасын сайдырууга уруксат берилди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин, Улуттук техникалык иммунологиялык экспертизанын токтому чыкты.

28-сентябрда Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги Pfizer вакцинасын сайдырган 12-15-жаштагы өспүрүмдөргө жасалган клиникалык сыноо жакшы натыйжа бергенин билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дагы 12 жаштан тарта Pfizer вакцинасын сайдырса болорун сунуш кылган.

13-сентябрда Өзбекстанга 1 миллион 200 миң доза АКШ-Германия чыгарган Pfizer/BioNTech компаниясынын вакцинасы келип түшкөн.

Бул өлкөдө 1-апрелден тарта Орусиянын "Спутник V" жана Кытайдын вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Ошондой эле AstraZeneca, Moderna жана Pfizer/BioNTech сайдырса да болот. Коңшу өлкөнүн калкынын 11% чукулу эмделди.

XS
SM
MD
LG