Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

АКШга орус базасы эмне үчүн керек?


Орусиянын Канттагы аба базасы. 27-октябрь, 2013-жыл.

АКШ Орусиядан Борбор Азиядагы орус базаларын колдонууга байланыштуу сунушунун чоо-жайын сураганы белгилүү болду. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы америка өкмөтүндөгү булактарына таянып жазып чыкты. Бирок мындай маалымат боюнча Кремль комментарий берүүдөн баш тартты.

Wall Street Journal басылмасы жазгандай, Борбор Азиядагы орус базаларына байланыштуу маселе АКШ армиясынын штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси Марк Милли менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимовдун 22-сентябрда Хельсинкидеги жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Америкалык генерал Ак үйдүн өтүнүчү менен базаларды колдонуу тууралуу сунуштун чоо-жайын орус тараптан сураган. Бирок Герасимовдон так жооп болгон эмес. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да комментарий берүүдөн баш тарткан.

Июнь айында орус президенти Владимир Путин АКШ лидери Жо Байден менен Женевада жолукканда америкалык күчтөр Тажикстан менен Кыргызстандагы базаларды колдонсо болоорун айтканы кабарланган. Бул тууралуу убагында Орусиядагы "Коммерсантъ" гезити өз булактарына таянып жазып чыккан. АКШ өкмөтүндөгү расмий өкүлдөр мындай комментарий айтылганын ырасташканы менен ал канчалык олуттуу болгонун тактай алышкан эмес.

Флориданын эл аралык университетинин профессору, Европа саясатын талдоо борборунун эксперти Александр Краутер Вашингтон орус тараптын сунушунун чын-бышыгын тактап көргүсү келгенин "Америка добушу" радиосуна айтты.

"Генерал Миллинин башкы милдеттеринин бири - мамлекеттик катчы сыяктуу эле чет өлкөлүк кесиптештери менен сүйлөшүү. Wall Street Journal басылмасынын макаласынан кийин "генерал Миллиге Путиндин сунушу канчалык олуттуу болгонун генерал Герасимовдон сурап көрүү тапшырмасы берилген" деген бүтүмгө келдим", - деди профессор Краутер.

Анын айтымында, аскердик базалар Кошмо Штаттарга Борбор Азиядагы террорчулук коркунучуна көз салып туруу үчүн да керек болушу мүмкүн.

АКШ армиясынын штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси Марк Милли (солдо) менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов, Хельсинки, 22-сентябрь 2021-жыл.
АКШ армиясынын штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси Марк Милли (солдо) менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов, Хельсинки, 22-сентябрь 2021-жыл.

Орусиянын өз аймагынан тышкары эң ири аскердик базасы Тажикстанда жайгашкан. Мындан тышкары Москва Кыргызстанда Кант аба базасы сыяктуу бир нече аскердик объекттерди иштетет.

Борбор Азиядагы мындай аскердик базаларды колдонуу маселеси америкалык аскерлер Ооганстандан чыгып кеткенден кийин, Вашингтон чөлкөмдөгү террордук коркунучтарга байкоо салуунун жана ага жооп кайтаруунун кошумча жолдорун издеп жаткан учурда көтөрүлүүдө.

Америкалык эксперттердин бир бөлүгү кибероперация жана террорчулукка каршы күрөш маселесинде Орусия менен кызматташуу керек экенин айтса, айрымдары Ооганстандагы кырдаалга байкоо салуунун башка жолдору бар экенин белгилеп жатышат.

"Индия деле Кыргызстан сыяктуу Ооганстандын көп аймагына жакын жайгашкан. Мен Москва менен кандайдыр бир биримдикте болсо да башка бир суверендүү өлкөнүн аймагындагы иш-аракеттер үчүн орус тараптан уруксат суроонун өзүндө бир маселени көрүп жатам. Башкы суроо: аскердик инфраструктураны башка бир суверендүү мамлекеттин аймагына жайгаштыруу үчүн бизге Кремлдин макулдугу эмне үчүн керек?", - дейт АКШ армиясынын отставкадагы генерал-лейтенанты Бен Ходжес.

Америкалык аскердик күчтөр 2001-жылдан 2014-жылга чейин Борбор Азиядагы бир нече базаны, анын ичинде Кыргызстандагы "Манас" эл аралык аэропортун да колдонгон. Убагында орус бийлиги Бишкектеги америкалык транзиттик борбордун жабылышын жактап келгени белгилүү.

АКШнын Бишкектин четиндеги 2014-жылы жабылган транзиттик борбору.
АКШнын Бишкектин четиндеги 2014-жылы жабылган транзиттик борбору.

Президент Путиндин Байденге айткан болжолдуу сунушу тууралуу кабар Кыргызстанда же Тажикстанда расмий жетекчилердин кандайдыр бир олуттуу реакциясын жараткан жок.

Адистер Вашингтон менен Москва кызматташууну чечсе да, база жайгашкан өлкөлөрдөн уруксат алуу керек экенин айтышууда.

"Орусия биздин атаандаш экени түшүнүктүү. Бирок бизде бул багытта орток кызыкчылыктар болушу мүмкүн. Эгер Москвада Ооганстандагы кырдаалга көз салып турууга жарактуу жайы болсо, анда бул чектен чыккан идея эмес. Эгер биз чөлкөмдөгү орус базасын колдонгубуз келсе, анда Кыргызстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүбүз керек", - деди Атлантикалык кеңештин эксперти Жон Хербст.

Wall Street Journal басылмасына маалымат берген булактардын айтымында, АКШ өз күчтөрүн Ооганстанга жакын аймакка жайгаштыруу үчүн Москвадан уруксат сураган жери жок. Болгону Путиндин позициясын жакшыраак түшүнүүгө аракет жасап жатат.

Америкалык гезит жазгандай, АКШ менен Орусия терроризм маселесинде орток пикирде болсо да, Москва менен кызматташтык бир топ кыйынчылыктар, анын ичинде саясий мүнөздөгү тоскоолдуктар менен коштолуп келет.


Бир нече жыл мурда Конгресс орус күчтөрү Украинада турган чакта эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы тыгыз аскердик кызматташтыкка бөгөт койгон мыйзам кабыл алган. Андай кызматташтык түзүлүшү үчүн коргоо министринин атайын макулдугу керек.

Быйыл жазында жана жайдын башында Вашингтон аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткенден соң террорчуларга каршы болочок операциялар үчүн база издеп жатканы кабарланган.

15-апрелде америкалык “The New York Times” басылмасы АКШнын расмий адамдары бул багытта Борбор Азиянын айрым өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн жазган. Кийинчерээк америкалык маалымат каражаттары Пентагон өз аскерлерин убактылуу Өзбекстанга же Тажикстанга жайгаштырышы мүмкүн экенин, керек болсо ыктымал варианттар арасында Кыргызстан да бар экенин жазышкан. Орусиянын бийлиги америкалык аскерлердин Борбор Азия келишине каршы экенин ачык билдирген. Ошондой эле Өзбекстандын расмий өкүлдөрү да америкалык аскерлер өлкө аймагына жайгаштырылбай турганын айтышкан.

15-августта ооган өкмөтү кулап, талибдер Ооганстанда бийликти колго алгандан кийин бул маселе тууралуу талкуулар басаңдап калган болчу.

P.S. Бул макала "Америка добушу" радиосунун баянынын негизинде жазылды

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG