Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:26

Бакиевдер менен чогуу соттолгон Алапаевдин иши кайра каралат


Улуттук банктын мурдагы төрагасы (2006-2010) Марат Алапаев.

Жогорку сот Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге байланыштуу өкүмдөрдү жокко чыгарды. Ал качкын президент Курманбек Бакиевдин жакындары менен бирге "Ысык-Көл инвестициялык банкын" тартып алууга катыштыгы бар деп айыпталган.

Күбөлөр 11 жылдан кийин көрсөтмөсүнөн баш тартты

"Ысык-Көл инвестициялык банкын" мыйзамсыз басып алуу деген иш боюнча Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге карата сот чечимдери жокко чыгып, иш жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карала баштады. Жогорку соттун басма сөз кызматынын 16-сентябрда тараткан маалыматында мындай деп айтылат:

“Бишкектин Октябрь райондук сотунун 2015 -жылдын 20-октябрындагы өкүмү жана Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясынын 2016-жылдын 8-февралындагы өкүмү жокко чыгарылган. М.Алапаевге карата кылмыш иши сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн прокуратурага жөнөтүлдү. Ошону менен бирге, биз бул кылмыш иши ачык соттук отурумда каралып, "жашыруун" деп классификацияланган иштерге тиешеси жоктугун, ал эми иш боюнча башка айыпталуучуларга карата сот актылары кайра каралбаганын белгилейбиз”.

Буга чейин Европада бозгунда жүргөн журналист Сыргак Абдылдаев "Фейсбуктагы" баракчасына Жогорку соттун Марат Алапаев тууралуу бүтүмүн жарыялап, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүн жана жакындарын "тымызын актоо аракети" жүрүп жатат деп билдирген.

Марат Алапаевдин жактоочусу Александр Мощиндин сот өкүмдөрүн жокко чыгарууну боюнча өтүнүчү. Сүрөт Сыргак Абдылдаевдин "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Марат Алапаевдин жактоочусу Александр Мощиндин сот өкүмдөрүн жокко чыгарууну боюнча өтүнүчү. Сүрөт Сыргак Абдылдаевдин "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

Алапаевге байланыштуу сот өкүмдөрүнүн жокко чыгышына Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Бөкөнтаев менен Улуттук банк Башкармасынын мурдагы мүчөсү Самат Конокбаевдин көрсөтмөсүнөн баш тартышы себеп болгон. Экөө тең 2010-жылы Марат Алапаевге каршы көрсөтмө берүүгө мажбур болгонун билдиришкен. Интернетке жарыяланган Кубанычбек Бөкөнтаевдин түшүнүк катынын мындай деген жери бар.

“Менин прокуратурадагы алгачкы сурагым тогуз саатка созулган. Конституциялык укуктарымды сактоону өтүнгөнүмдө, тергөөчүлөр “азыр Конституция иштебейт” деп жооп беришкен. Алар жактоочумдун суракка катышканын каалашкан эмес. Жактоочу жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) менин укугум бузулуп жатканын жарыялай турганын билдиргенде гана киргизишти. Сурак учурунда менин күнөөм далилденгенин байма-бай эскеришип жатты. СИЗОго камоо менен коркутуп, андан Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаевге жана мамлекеттин башка жетекчилерине каршы көрсөтмө берип кутулса болорун айтышкан”.

Кубанычбек Бөкөнтаевдин 2021-жылы 17-мартта жазган түшүнүк катынын экинчи барагы. Сүрөт Сыргак Абдылдаевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Кубанычбек Бөкөнтаевдин 2021-жылы 17-мартта жазган түшүнүк катынын экинчи барагы. Сүрөт Сыргак Абдылдаевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Алапаевдин Бакиевдер менен байланышы

Марат Алапаев Улуттук банкты 2006-жылдан тартып апрель революциясына чейин жетектеп турган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдагы чечими менен Марат Алапаев менен чогуу мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев, “Манас Банктын" акционери, латвиялык ишкер Валерий Белоконь, орусиялык Евгений Вербицкий, латвиялыктар Анита Лася, Юрий Качнов, кыргызстандыктар Сергей Костырин, Чолпон Иманалиева сырттан соттолуп, 25 жылга эркинен ажыратылган.

"Ысык-Көл инвестициялык банкынын" мурдагы ээси Болот Байкожоев Марат Алапаев Бакиевдер менен тыгыз байланыштагы адам болгонун айтып жатат.

“Бакиевдердер "Ысык-Көл инвестициялык банкын" рейдерлик жол менен тартып алышкан. Ошол учурда Марат Алапаев Улуттук банкты жетектеп турган. Ал көзөмөл жүргүзгөндүн ордуна мыйзамсыз иштерге барган. Бакиевдер банкты Марат Алапаевдин колу менен тартып алышкан. Буларды кылмыштуу топ катары сыпаттайт элем. Алар "Ысык-Көл инвестициялык банк” аркылуу миллиарддаган долларларды адалдаштырган. Мен айткан сөздөрүмдү документтер менен далилдеп бере алам”.

Алапаев 2009-2010-жылдары Улуттук банктын катышы менен “Азия универсал банкы” аркылуу 3 миллиард сом, апрель окуясынын алдында шашылыш түрдө 200 миллион доллардай (9 миллиард сом) каражатты чыгарып кеткен деген негизде да күнөөлүү деп табылган. 2010-жылы өлкөдөн чыгып кеткен Алапаевге жана аны чогуу айыпталгандарга издөө жарыяланган. Азыр анын каякта жүргөнү белгисиз. Алапаевдин жактоочусу Александр Мощин журналисттерге комментарий бербей турганын айтты.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Марат Алапаевге байланыштуу иштин кайра каралышын туура деп эсептейт.

Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

“Мен Марат Алапаевди мыкты кадр, өз ишин билген адам катары билем. Ал көп жылдан бери чет жакта кыйналып жүрөт. 2010-жылдары прокуратуранын кызматкерлери кысымга алган болсо, анда алар жоопко тартылышы керек. Биз “баланчалын кадры” деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Алапаевдин ишинен саясат жасаштын такыр кереги жок. Аларды куугунтактагандан мамлекетке пайда келбейт. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн толук айыптагандан алысмын. Бирок улутташтырылган объектилердин көпчүлүгү реалдуу түрдө каралган эмес. Ошон үчүн маалында депутаттык комиссия түзүлгөн”.

Быйыл апрелде Экономика министрлиги 2010-жылы улутташтырылган объекттерге байланыштуу мыйзам долбоорун демилгелеп, документ коомдук талкууга коюлган. Анда Убактылуу өкмөттүн декрети менен мамлекеттин менчигине өтүп кеткен мүлктүн ээлери сотко кайрылып, менчикке болгон укугун коргой алары айтылган. Бирок мыйзам долбоору андан ары жылган эмес.

2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев улутташтырууда эч бир мыйзам бузуу болбогонун айтып берди.

“Улутташтырылган объекттердин бардыгы убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Ушунун негизинде мамлекетке кайтарылган. Ал эми 2010-жылы ошол учурдагы бийликтин кысымы менен Алапаевге каршы көрсөтмө бердик деген туура эмес. Балким, алар азыркылардын кысымы менен кайра көрсөтмө берип жатышкандыр. Алар бийлик алмашса эле көрсөтмө бере береби? Бул окуялардын төркүнү башка. Бакиевдерди толук актоо аракети болушу мүмкүн”.

"Ысык-Көл инвестициялык банкты" Максим Бакиевдин көмөгү аркылуу мыйзамсыз тартып алган деген айып менен 10 жылга сыртынан кесилген Райкүл Жапаровага чыгарылган сот чечимдери быйыл январь айында жокко чыгарылган эле.

Тергөөнүн маалыматтарында Райкүл Жапарова 2007-жылы апрель айында Максим Бакиевдин көмөгү менен "Ысык-Көл инвест банкты" тартып алганы, ошол эле жылдын август айында банктын башкармалык кеңешинин төрайымы болуп шайланганы айтылган. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жапарованын иши убагында саясий буюртма менен кабыл алынган чечимдердин бири болгонун айткан.

Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

"Бир эле Райкүл Жапарованын иши эмес, жылуулук, ЖЭБ жана башка иштер боюнча соттолгондордун иштери бузулуп, биринчи инстанцияларга жөнөтүлүп жатат. Тергөө туура эмес жүргөн, туура эмес соттолгон, арасында саясий буюртма менен "ура-ура" болуп кетип калгандары көп экен. Мен бүгүнкү сотторго баа берет элем, ошолордун укугун коргоп, кайрадан кароого жиберип жатышат. Мындай ондогон иштер бар. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда саясий буюртма менен соттолгон башка кишилердин иши да ушундай артка кайтарылып жатат. Ошонун арасында Райкүл Жапарованын ишин бөлүп алып көрсөтүп жатышат. Себеби, ал өлкө башчысынын эжеси. Аны мен кылмыш кылды же кылбады деп айта албайм. Бирок ал да саясий куугунтукта, иниси камакта жүргөндө эмне азапты көргөнүн билесиздер да. Балким, ошондо туура эмес тергелгендир, саясий буюртма болгондур, ошону Жогорку сот бузуп, кайра тергөө жиберди. Аны жоопкерчиликтен эч ким куткарган жок. Тергөө кадимкидей жүрөт", - деген ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов азырынча Алапаевдин ишин Бакиевдер менен байланыштырууга болбой турганын айтууда.

“Алапаев Бакиевдердин эмес, өзүнүн каналы менен иш алып барып жатышы мүмкүн. Азырынча жыйынтык чыгаруу эрте. Анткени Бакиевдер Кыргызстанга көп жамандык алып келди. Аны азыркылар колдосо, элдин каршы пикирине туш болот. Андыктан ага барбаса керек деген ойдомун”.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган. Ал бийликке 2005-жылы 24-март окуяларынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

Апрель окуялары боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан. Бакиев өзү буга чейин маектеринде Кыргызстанда ага коюлган айыптарды бир нече жолу четке каккан.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG