Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Жээнбеков шайлоого катышуусуна жол берилбей жатканын билдирди


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Саясатчы, Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого талапкер катары катышууну каалаганын, бирок Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) документтерди кабыл албай жатканын айткан. Саясатчынын айткандарын 24.kg агенттиги жазды.

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча ишти карады. Жээнбеков ошол сотко алып келинген.

"Мен өзүмдүн ишенимдүү өкүлүмдү документтерди тапшыруу үчүн жөнөткөм. Боршайком документти кабыл албай койду, мен өзүм барышым керек экен. Тергөө абагынан чыгып бармак белем?", - деди саясатчы соттук отурум башталардын алдында.

БШК Равшан Жээнбековдун атынан эч ким документ тапшырбаганын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президентти кармоо операциясын жүргүзгөн. Анын тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып, бир офицер курман болгон.

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин тарапташтарына жана Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага, саясатчы экс-депутат Равшан Жээнбековго да айып коюлган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG