Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:35

"Шамбала" жана "Сальвадор Дали" тасмалары Мароккодо өтчү фестивалга катышат


«Шамбала» фильминин постери.
«Шамбала» фильминин постери.

Кыргызстандык кинорежиссерлор тарткан "Шамбала" жана "Сальвадор Дали" тасмалары Мароккодо өтө турган киновестивалга катышат. "Айтыш" фондунан кабарлашкандай, фестиваль 21-30-октябрь күндөрү Рабат шаарында өтөт.

Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде жаралган бир жарым сааттык "Шамбала" тасмасы Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" студиясында 2020-жылы тартылып бүткөн. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы ошол жылдын июль айында Кытайдын Шанхай шаарындагы фестивалда болгон. Режиссеру Артыкпай Сүйүндүков.

"Шамбала" буга чейин Калькутта эл аралык фестивалында "Мыкты тасма" номинациясын жеңген. Апрель айында аны Орусиянын "Ника" киноакадемиясы "КМШ, Балтика жана Грузия боюнча эң мыкты тасма" деп тапкан.

Кыска метраждуу "Сальвадор Дали" тасмасын режиссер Элдияр Мадаким тарткан. Тасма тоо коюнунда, чоң энесинин колунда чоңойгон режиссердун бала чагын, максатына жетүү үчүн дарыяны кечип өтүп мектепке каттаган күндөрүн чакылдырган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG