Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Бишкекте радио жыштыктар 1 млрд. сомдон ашык каражатка сатылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

23-сентябрдан 27-сентябрга чейин уланган аукциондо Бишкек шаарынын аймагындагы 2300-2400 МГц жыштык тилкесиндеги 100 МГц көлөмүндөгү радиожыштык сатылды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Үч лот менен өткөн аукциондо жыштыктар "Альфа-Телеком", "НУР Телеком", Sky Mobile операторлоруна жалпы суммасы 1 миллиард 9 миллион 420 миң 800 сомго сатылды.

Бул радиожыштыкты колдонуу лицензиясы 1998-жылы "Ала-ТВ" компаниясына берилип, Бикшекке эфирдик-кабелдик телекөрсөтүү тармагы орнотулган.

2020-жылы май айында Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш үчүн шектүү катары беш киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери, "Ала-ТВ" компаниясынын өкүлү бар.

Камакка алынган беш кишинин дагы бири - агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубованын орун басары. Черногубованын өзүн УКМК жана Аскер прокуратурасы 2020-жылдын 12-майында камакка алган.

Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган.

Ушул эле жылдын июнь айында ошол кездеги премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев жыштык чыры үчүн кызматынан кеткен. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG