Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Камакка алынган Алмаз Сарыбаев жеке ооруканага которулду


Алмаз Сарыбаев.
Алмаз Сарыбаев.

Бийликти күч менен басып алууга шек саналып камалган Алмаз Сарыбаев Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан жеке ооруканалардын бирине которулду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Токон Мамытов билдирди. Анын сөзүнө караганда, Сарыбаев ачкачылыгын токтотпой ден соолугу начарлап кеткен. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери аны менен азырынча жолуга элек.

“Биздин кызматкерлерден ПЧР тест талап кылынып жатат. Анын жыйынтыгы чыккандан кийин кызматкерлерибиз ооруканага барып акыркы маалыматтарды алып келишет”, - деди Мамытов.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Сарыбаевди 15-сентябрда кармаган. Ал Жазык кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча айыпталууда. Шектүү коюлган айыпка макул болбой 17-сентябрда протест катары ачкачылык жарыялаган.

Сот анын бөгөт чарасын 16-сентябрда карап, Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камоо чечимин чыгарган. Коронавирус пандемиясындагы шартка ылайык, ал эки жума шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында болуп, анан №1 тергөө абагына которулмак.

Алмаз Сарыбаев - "Толубай" банкынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү.

Бул иш боюнча быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов да бийликти басып алууга шек саналып камалган. Асанов да, Сарыбаев да тагылып жаткан айыптарды четке кагышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG