Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:37

Кыргызстан издеген соода жолдору: деңиз, аба жана темир жол


Кыргызстандын картасына ыкталып жасалган альтернативдик үч каттам - темир жолу, деңиз жолу жана аба жолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын бийлиги соода жүгүртүүдө автоунаа жолунан башка багыттарды издөөнү жандантты. Анын ичинде темир жолу, деңиз жолу жана аба жолу бар. Алардын ар бири боюнча аракеттер жасалып жатканы менен азырынча жемиштер аз.

“Элдик экономика” түрмөгүндө экономикадагы альтернативдик каттамдардын мүмкүнчүлүктөрү талданды.

Деңиз жолуна умтулган өлкө

Кыргызстандын деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу жаңы кабар тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Нью-Йорктогу жолугушууларынан кийин тарады. Өлкөнүн башкы дипломаты анда ондогон мамлекеттин, анын ичинде Ирандын өкүлдөрү менен кездешти.

Руслан Казакбаев менен Хоссейн Амир Абдоллахиян. БУУнун кеңсеси, Нью-Йорк, АКШ.
Руслан Казакбаев менен Хоссейн Амир Абдоллахиян. БУУнун кеңсеси, Нью-Йорк, АКШ.

Руслан Казакбаев менен Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиян менен жолугушууда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуу, саламаттык сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүү жана башка темалар сөз болду. Биринчи теманын ичинде транспорттук карым-катыш маселеси да айтылды.

Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин директору Нурлан Сүйөркулов “Азаттыкка” андагы сөздү учкай маалымдады:

“Ирандын тышкы иштер министри Иран өкмөтүнүн Кыргызстанга транзиттик жана Кыргызстанга же Кыргызстандан товарларды жеткирүү үчүн Бендер-Аббас портунан жер тилкесин бөлүп берүү жана тиешелүү инфратүзүмдү камсыздоо чечими тууралуу кабарлады. Ошондой эле, тараптар Бишкекте Иран соода борборун ачуу маселесин талкуулашты”.

Кыргызстан ар кайсы байланыштар аркылуу соода-логистиканын деңиз транспортун колдонууну көп жылдан бери караштырып келет.

Ал тургай буга чейинки министрлер БУУнун платформасында деңизге түз чыга албаган өлкөлөр тобунун бир нече жыйынына да катышкан эле. Анда уюмдун ушул багыттагы программасы талкууланчу.

Бирок Кыргызстан автотранспорт, авиабайланыш же темир жол аркылуу гана деңиз жээктерине товар жеткиргени болбосо, кайсы бир портто өзү ээлик кылган жайы жок. Иран менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында алар мурда Чабахар портунан орун берүү маселесин карап келсе, эми Бендер-Аббас портунан жай алынышы мүмкүндүгү айтылды. Бул порттор экөө тең Инди океаны аркылуу жүктөрдү башка өлкөлөргө жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстандын Ош шаарынан Ирандын Бендер-Аббас шаарына чейинки жол. Google map сервисинин чиймеси.
Кыргызстандын Ош шаарынан Ирандын Бендер-Аббас шаарына чейинки жол. Google map сервисинин чиймеси.

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлү Нурмат Мусабеков:

“Бул эки порт Перс булуңунун эки тарабында жайгашкан, географиялык жактан экөө эки бөлөк жер. Порттун аймагынан башка мамлекеттерге жер тилкесин берүү дүйнөлүк практикаларда кеңири колдонулуп келет. Аны жеке эле Иран эмес, океанга түз чыккан бардык эле мамлекеттер экономикалык активдүүлүгүн арттыруу үчүн, ошентип чет өлкөлөргө да орун берет. Адатта 20-30 жыл ижара акысын албай турган тилке беришет, ошол сыяктуу эле Ирандын аракетин стандарттуу кадам деп айтсак болот. Порттон тилке алгандан кийин ал жердеги инфратүзүмдү түзүү алган мамлекеттин өзүнүн мойнунда болот. Башкача айтканда, суусун, жарыгын өзүбүз тартып келишибиз керек, асфальтын басып, кранын коюп, кемелер токтой турган жайын өзүбүз жасашыбыз керек болот”,-дейт.

Демек, портту алуу өзүнчө иш, аны пайдаланууга даярдоо өзүнчө иш экенин аңдагандай болдук. Башка маселе, жүктөр океандын жээгине чейин кайра эле авто же темир жол аркылуу жеткирилиши керек. Муну үчүн да кайра Ирандын өзү менен жана ага чейинки өлкөлөр менен сүйлөшүп, иштешүүгө туура келет.

Азыр Оштон, Баткенден жана Жалал-Абаддан Өзбекстанга түз темир жол кирет. Ошол эле жол андан ары Өзбекстан жана Түркмөнстан аркылуу Иран менен туташат.

Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрүнүн кабарлашынча, бул багытта да иштер жасалууда. Тагыраагы, түркмөн жана өзбек темир жолдору аркылуу Ирандан Ошко контейнер менен алгачкы жүк алынып келиниши мүмкүн. Техникалык маселелери чечилсе, анын кабарын деле угуп калчудайбыз.

Нурмат Мусабеков
Нурмат Мусабеков

“Кеп портту алууда эмес. Ошол порт аркылуу товар жүгүртүү үчүн, ташуу үчүн жетиштүү көлөм барбы? Маселе ушул суроого келип такалат. Иранга биз эмне товар жеткиребиз да, андан ары каякка ташыйбыз? Башкача айтканда, мында мамлекет логистикага шарт түзүп берүүгө мүмкүнчүлүгү ачылып жатат. Бирок маселе экономиканын өзүнө келип такалат. Экономикабыз экспортко адистешсе, үй-тиричиликке, өндүрүшкө керектүү товарларды, же азык-түлүк товарларын Иранга жеткирип, андан ары деңиз аркылуу башка жакка жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк ачылабы деген үмүт бар. Же тескерисинче, чет жактан товарларды порт аркылуу алып келебиз. Анткени кеме аркылуу жүк ташуу салыштырмалуу кыйла арзан болот”,-деди Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлү Нурмат Мусабеков.

Азыр Кыргызстанга океандардын артындагы мамлекеттерден келчү товарлар, же аларга кетчү товарлар Кытайдын, Орусиянын же башка өлкөлөрдөгү порттор аркылуу жеткирилет. Жогоруда айтылгандай, товарлар портторго жүк ташуучу автоунаалар жана поезд аркылуу ташылат. Ошол себептүү темир жол каттамынын өзүнө кайрылып көрөлү.

Ордунан жылбаган темир жол долбоору

Жалпыга белгилүү болгондой, Кыргызстан темир жол аркылуу Өзбекстан жана Казакстан менен гана туташат. Эки жактан кирген линия тең өлкөнүн ичинде токтойт, башкача айтканда башка өлкөгө чыгып кетпейт.

Мына ушундан улам Кыргызстандын бийликтери өлкө эгемендик алгандан бери Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун үстүндө баш катырып келет. Алгач муну Кытай өзү каржылоо сунушун берип, кийин Орусия да аралашары кабарланган. Бирок ал ушул кезге чейин баштала элек.

Азыркы президент Садыр Жапаров быйыл 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Дүйшөмбү шаарында өткөн саммитинде да ушул маселени көтөрүп, өнөктөш мамлекеттерди аталган долбоорду аягына чыгарууга чакырган:

Садыр Жапаров ШКУнун саммитинде. 17-сентябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров ШКУнун саммитинде. 17-сентябрь, 2021-жыл.

"Пандемия шартында, ошондой эле кабыл алынган карантиндик чаралардын натыйжасында автожүк ташуулар чектелүү болуп калды. Андыктан эң ишенимдүү транспорттук жол бул - темир жол. Кыргызстан Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушунун долбоорун тез арада практикалык ишке ашуусун көздөйт. Ал региондун транзиттик потенциалын толук кандуу ачууга маанилүү жана конкреттүү кадам болуп, деңиз портторуна чыгууга мүмкүндүк берет", - деген Садыр Жапаров жыйында.

Темир жол долбоору аталган үч өлкөнү эле эмес, Европа менен Азияны бириктирген транзит болот деп пландалган. Кытайдан чыккан линия Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Түркияга, Европа, Иран жана Жакынкы Чыгыштагы башка мамлекеттердин темир жолдоруна кошулат.

Көк сызык Кыргызстандын азыркы темир жолунун линиялары. Жашыл сызык Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоордук картасы. Кырмызы жана көк үзүл-кесил сызыктар бул кийин аталган темир жолго уланчу долбоорлордун болжолу.
Көк сызык Кыргызстандын азыркы темир жолунун линиялары. Жашыл сызык Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоордук картасы. Кырмызы жана көк үзүл-кесил сызыктар бул кийин аталган темир жолго уланчу долбоорлордун болжолу.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин Автомобил жана темир жол транспорт башкармалыгынын жетекчиси Нурмат Мусабековго кайрадан сөз берели:

“Биздеги темир жолдун баары Советтер союзунан калган линия болуп эсептелет. Алар бири-бирине туташпайт, орой айтканда туңгуюкта. Ошол себептүү биз көп жылдан бери өлкөгө кирип, кайра башка өлкөгө чыгып кеткен темир жолун курууну приоритет катары карап келебиз. Аны ишке ашыруу үчүн Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу биз үчүн өтө маанилүү. Ал ишке ашып калса, Кытайдан кирген товарлар, алардын портторуна түшкөн товарлар бизге кирет жана башка өлкөлөргө жөнөтсө болот. Азыр Кытай Казакстандын Хоргос аймагы аркылуу, Орусияга, андан ары Европага чыгат. Эгер биз аркылуу өтсө, Кытай - Европанын жүк ташуу мөөнөтү бир жумага кыскармак. Бул өтө конкуренттүү долбоор. Ал курулуп калса, азыркыга салыштырмалуу жүк ташуу кеминде он эсеге өсөт. Жаңы рыноктор ачылат, экономикалык өсүш болот. Ошону үчүн биз акыркы беш жылдын ичинде сүйлөшүүлөрдү интенсивдүү түрдө жүргүзүп жатабыз. Темир жолдун кеңдиги, каттамы жана каржылоо маселеси Кытай, Кыргызстан, Өзбекстандын ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатат. Кыргыз тарап темир жол линиясын курууга Орусия тарапты да катышууга чакырганбыз. Себеби, бул багытта алардын чоң тажрыйбасы бар. Менимче, сүйлөшүүлөр жакын арада жыйынтыгын берип калат болуш керек”.

Арийне, эксперттер маселенин көп жылдан бери чечилбей жатышын так ушул Орусиянын геосаясий кызыкчылыгы менен байланыштырып жүрүшөт. Саясатчылар жана адистер “Москва бул долбоор аркылуу Бишкекке таасирин жоготпой турууну көздөйт, ошол себептүү анын ыкчам ишке ашышына Кремл кызыкдар эмес” деген жүйөнү көп келтиришет.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мурдараак “Чындык медиа” ютуб каналына курган маегинде буларга токтолгон эле:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Мурда Кытай цивилизациясы менен Европаны бириктирген “Улуу жибек жолунун” тоомунда турган Кыргызстан, азыр анын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жатат. Ал үчүн “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан”, андан ары башка өлкөлөргө кеткен трансулуттук темир жолду биз эч нерсеге карабай курушубуз керек. Бул курулуп калса дүйнөнүн төрт океанына жол ачылат, бул экономиканын өсүшүнө абдан чоң түрткү болот. Бул саясий дагы эркиндикти берет, биз ошондо чыныгы эгемен мамлекет болобуз. Бирок бул темир жолдун курулушуна түндүк коңшулар – Казакстан менен Орусия каршы. Долбоор алардын улуттук кызыкчыгына жооп бербейт, анткени биз алардан аз көз каранды болуп калабыз. Анткени алар өздөрүнөн өткөн темир жолдордон түшчү кирешеден кур калып калышат. Бирок биз ага карабай темир жолду сөзсүз курушубуз керек. Биз аны курганда да өлкөнү жөн гана кыска жерден кесип өтүп кете турган темир жол эмес, узунураак линия курганга аракет кылышыбыз зарыл. Анткени темир жол өлкөнү аралап өтүп, өзүбүздүн поезддер да каттаганга мүмкүнчүлүк бериш керек”.

Улуттук статистика комитетинин 2016-2020-жылдар боюнча келтирген сандарын карасак, Кыргызстандын темир жолдору аркылуу жылына 1,6 млн. тоннадан 2,5 млн. тоннага чейин жүк ташылат.

Эгер “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жол долбоору ишке ашып калса Кыргызстандын аймагынан жылына кеминде 10 млн. тоннадай жүк ташылып турушу мүмкүн. Болбосо мындан эки эсе ашат. Натыйжада Кыргызстан транзит үчүн жылына 280 млн. доллардай дүң киреше көрөрү маалымдалат.

Аба каттамдарынын мүмкүнчүлүгү

Эми экономикадагы альтернативдик каттамдардын үчүнчүсү – аба жолуна келели.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу былтыркы жылы дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда аба байланыштары кыйла чектөөгө кабылган. Бирок таптакыр токтогон жок. Тейлөөнү чартердик учактар аткарып жатты, ал эми жүк ташуучу аба транспорттору үзгүлтүксүз иштеп турду.

Мына ушул жагдайдан улам бул тармактын тарапкерлери аба каттамдарынын ролу экономикада чоң экенин белгилешет.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жарандык авиация жана суу-транспорт бөлүмүнүн башчысы Арзымат Матмуратовдун пикирин сурадык.

Арзымат Матмуратов
Арзымат Матмуратов

“Ушул эле пандемия аба каттамы эң керектүү транспорт экенин көрсөттү. Автоунаа жолу, темир жол, кыскасы баары жабылды. Бирок учак менен каттоо токтогон жок. Бүгүнкү күндө бардык тарап менен каттамдар жанданды. Орусияга көбөйдү, Дубай, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттер менен болгон регулярдуу каттамдар стабилдүү аткарылып жатат. Быйыл Кувейтке да каттамдар ачылды. Гуманитардык каттамдар, жүк каттамдары тынбай келип, кетип жатат. Буюрса, жакын арада дагы башка каттамдарды ачуунун үстүндө иштеп жатабыз. Келечекте каттамдар көбөйсө, Кыргызстандын аба жолу дагы да чоң жетишкендиктерге алып келет деп ойлойм”.

Эгер жүргүнчүлөрдү алсак, акыркы жылдары Кыргызстандын жарандык авиация тармагы жылына 3 млн. чамалуу кишини тейлеп жаткан. Быйыл сегиз айда 2,4 млн. жүргүнчү тейленди.

Ал эми жүк ташуучу учактар өлкөгө алып кирген жана ташып чыккан товарлардын көлөмү 30 миң тоннаны түзөт. Кадимки каттамдар ондогон өлкөлөргө ишке ашканы менен, жүк ташуу Түркияга жана Кытайга гана аткарылат.

Кыргызстанга кирген-чыккан аба линияларынын географиясы. Иллюстрациялык карта. Учурда айрым рейстер аткарылбай калган, кээлери дагы кошулган.
Кыргызстанга кирген-чыккан аба линияларынын географиясы. Иллюстрациялык карта. Учурда айрым рейстер аткарылбай калган, кээлери дагы кошулган.

Кызык, башка өлкөлөргө эмнеге учак менен жүк ташып бара албайбыз, же ташып келе албайбыз? Бул суроого да Арзымат Матмуратов жооп бергенге аракет кылды.

“Бир жагынан суроо-талап болуш керек экен. Бизде Кытай жана Түркия менен экономикалык карым-катыш бар, алардан жүк келет, же бизден жүк кетет. Балким, келечекте Араб жарым аралындагы мамлекеттерге дагы жүк ташуу каттамдары ачылып калышы мүмкүн. Анткени ушуга муктаждык бар. Аны ишке ашыруу биздин приоритет болуп саналат. Башка Азия мамлекеттеринен, Түштүк Кореяга же башка өлкөлөргө да муктаждык болсо жүк ташуучу каттамдар да ишке ашып калышы ыктымал. Бирок эми кайсы бир өлкөдөн бизге авиабайланыш менен товар алып келүү, же ал жакка бизден товар ташуу муктаждыгы жок болсо, айла жок экен. Эгер кайсы бир авиакомпаниялар жүк ташыйбыз десе, биз тараптан эч кандай тоскоолдук жок”.

Кыргызстан 2018-жылдан тартып, өлкөдө “Ачык асман” саясатын киргизген. Бул эрежелерди либералдаштырууга жана эл аралык авиацияны жөнгө салууга, бул тармакта эркин рынокту түзүүгө багытталган эл аралык тажрыйба. Башкача айтканда, ал "өкмөт авиакомпаниялардын каттамдарды аныктоо, пункттарды, көлөмдү, билет баасын жана жүк ташууну белгилөө чечимдерине кийлигишпейт" дегенди билдирет.

“Ачык асман” режиминде бардык чет элдик ташуучуларга аэропортко дээрлик чектөөсүз учуп келип-кетүү, тагыраагы, жүргүнчү учактарына бир тараптуу чектөөлөрдү алып салуу каралган.

Кыргызстанга жүк ташып келген учактардын бири. Иллюстрация.
Кыргызстанга жүк ташып келген учактардын бири. Иллюстрация.

Бул жагдай Кыргызстанга жүргүнчүлөрдү ташууну, анын ичинде жүк ташууну да жандантат деп күтүлгөн. Бирок иш жүзүндө андай болгон жок.

Адистер мунун себебин кайра эле кыргыз экономикасынын өзүнүн чама-чаркы менен байланыштырышат. Экономист Сейдалы Мырзакматов жагдайды мындайча чечмеледи:

“Авиакаттам менен жүк ташуу бизде азыр дээрлик мүмкүн эмес. Анткени биринчиден биздин өзүбүздө жүк ташый турган чоң учактарыбыз жок, жүргүнчүлөрдү араң ташып атпайбызбы. А дүйнөдөгү компаниялар бизге киргенге кызыкдар эмес. Жүк ташууну авиа тармак менен жандантуу үчүн “Руслан” деген Орусияныкындай, же “Боинг” Американыкындай учактар керек. Экинчиден, азырынча бизде чоң авиахабдар жок. Үчүнчүдөй, учак деле болсун, авиахаб деле куралы, ошол эле өлкөлөргө бизден эмне ташып чыгып кетишет? Маселен, Ирандан мунай, же башка кендерди алып чыгып кетет, же Кытайдан бүт дүйнөнүн товарлары бар. Орусия да ошондой. А бизде эмне бар? Айыл чарба же дагы ушуга окшогон товарларды айтышат, аларды алып кетүү үчүн бизде масса жок. Биздин өндүрүш керек болсо өзүбүзгө жете тургандай эмес”,-деди ал.

Сөз жок, азыр Кыргызстандын экспортунун дээрлик 40-50 пайызын алтын түзөт. Андан да ошол эле алтын кеткен өлкөлөлөрдү эсепке албаганда, Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүнүн көп бөлүгү Орусия жана Казакстанга туура келет. Ал жакка товарлар азыркы темир жолу жана автожол аркылуу кетет.

Сейдалы Мырзакматов
Сейдалы Мырзакматов

“Албетте, жакшы тилек жарым ырыс, бирок иллюзиядан алысыраак болуш керек. Биз болгону транзит өлкө боло алышыбыз мүмкүн. Ошол эле “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолу аркылуу, же азыркы автожол аркылуу Кытайдан чыккан товарды башка өлкөлөргө өткөрүүчү милдетин аркалап, ошондон пайда тапсак болот. Бул бизге кыйыр киреше түшүрөт, бирок экономикада секирик бербейт. Анткени өндүрүш жок. Өндүрүш болгондо деле Кытайга же башка өлкөлөргө теңеле албайбыз. Кытай бизден бирдеме алышы мүмкүнбү? Биз гана алабыз алардан. Керек болсо биз азыркы экономика менен Өзбекстанга теңеле албай жатабыз. Демек, бул темир жол курулса негизги кирешесин Кытай менен Өзбекстан көрөт. Бирок дагы айтам, мен деңиз жолду жана темир жолду күчөтө берүүгө тилектешмин. Болгону андан дүркүрөп кетерибизден гана күмөн санап турам”,-дейт экономист Сейдалы Мырзакматов.

Экономикалык логистикада транспорттук каттамдардын беш түрү бар деп эсептелет. Алар темир жолу, деңиз жолу (дарыя жана башка суу), автоунаа жолу, аба жолу жана куур жолу. Мунун үчөөнү чечмеледик.

Куур жолу - мунай, газ жана башка химиялык суюктуктарды ташууга ыңгайлашкан ири түтүктөрдүн линиясы.

Ал эми автоунаа жолу Кыргызстанда эл аралык жана ички жолдор деп эсептелет. Кытайга эки жол чыгып кетсе, чектеш башка өлкөлөр – Казакстанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга кирген бир нече жол бар. Алар транзит катары колдонулат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG