Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Алайда биринчи жолу “Тоо театрларынын фестивалы” өтөт


Гүлчө айылы.
Гүлчө айылы.

Республикалык маанидеги фестивал биринчи жолу 29-30-сентябрда Гүлчө айылында уюштурулуп жатат. Иш-чара Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай театрынын 75 жылдыгына карата демилгеленгенин Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын жетекчиси Алымкул Исаков “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты тоолуу аймактардагы театрлардын чыгармачыл потенциалын өркүндөтүү.

Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Алай райондук мамлекеттик администрациясы колдоого алууда. Фестивалда өлкөнүн жети облусунан жана Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык-драма театрынын жамааты спектаклдерин тартуулайт. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG