Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:12

Бишкектин мектептеринде бир нече класс карантинге жабылды


Беш-Күнгөйдөгү мектеп, 15-сентябрь, 2021-жыл.
Беш-Күнгөйдөгү мектеп, 15-сентябрь, 2021-жыл.

Баш калаанын бир нече районундагы айрым мектептердеги класстар COVID-19 вирусунан улам карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жалпы он мектепте жыйырмага чукул класс карантинге жабылганы маалым болду.

Коронавирусту жайылтпоо максатында мектептердеги класстарда бул оору аныкталса, Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бекиткен алгоритмге ылайык класстар жапырт карантинге жабылат.

28-сентябрга карата вирустан эки адам каза болду. 58 адамдан оору жаңы аныкталды. Жалпысынан илдет 178 375 кишиден аныкталып, анын 173 005и айыкты.

Кыргызстанда билим берүү мекемелери быйыл, 15-сентябрдан тарта салттуу окутууга өткөн. 2020-жылдын март айында өлкөдө COVID-19 вирусу алгач аныкталганда бала бакча, мектеп, окуу жайлардын баары аралыктан окутууга өткөн. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG