Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

"Кумтор голд компани" алтын кени үзгүлтүксүз иштеп жатканын билдирди


Кумтөрдөгү ишкана. Иллюстрациялык сүрөт.
Кумтөрдөгү ишкана. Иллюстрациялык сүрөт.

Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан "Кумтор голд компани" ишканасынын басма сөз кызматы билдирүү таратып, мекеме үзгүлтүксүз иштеп жатканын маалымдады. Ишкана акыркы убактарда айрым басылмаларга "Кумтөр алтын кенинде алтын өндүрүү азайып, тиешелүү материалдар жетишсиз болуп жатат" деген маалыматтар чындыкка дал келбесин белгилөөдө.

Компаниянын технологиялар боюнча корпоративдик директору Канат Курманов Кумтөр кени план боюнча туруктуу, коопсуз иштеп жатканын айтат.

"Кумтөр алтын кени үзгүлтүксүз иштеп жатат. Пландар аткарылууда. Быйылкыга мерчемделген оңдоо иштери өз учурунда жүргүзүлүүдө. Кенди тиешелүү каражаттар менен жабдуу толук жүрүүдө. Реагенттерди жана тетиктерди сатуучу бир нече компаниялар менен келишимдер түзүлгөн. Ага ылайык, химиялык реагенттерди жана тетиктерди өз убагында алып жатабыз".

Канат Курмановдун маалыматына караганда, август айында ишканада алтын өндүрүү 82% түзгөн, сентябрь ичи көрсөткүч 83% чыккан.

Билдирүүдө ошондой эле, айлык акылар мөөнөтүнөн кечиктирилбей берилип жатканы жана жумушчуларды кыскартуу болбогону да кабарланган. Мындан тышкары маалыматта "кенден алынган алтын, күмүш, жез жана башка аралашмалар өнүмүн сатуу атайын түзүлгөн келишимдин шарты боюнча, "Кыргызалтын" ишканасы аркылуу жүрөт" деп жазылган.

Кыргызстан июнь-июль айында "Кумтөр" алтын кенинен 90 млн. доллар пайда тапканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-сентябрда билдирген. Мурдараак Кыргызстан Кумтөр алтын кенин башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн “Азаттык” радиосуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров билдирген. Жапаровдун айтымында, ал алтын азыр Кыргызстанда, өкмөт 61-62 миллион доллардан ашуун таза киреше болорун мерчемдөөдө жана ишкананын акчасы өлкөнүн ичинде сакталууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG