Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Жапаров: Кыргызстан Кумтөрдү өзү башкаргандан бери 4,1 тонна алтын өндүрдү


Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан Кумтөр алтын кенин башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүрдү. Бул тууралуу 22-сентябрда “Азаттык” радиосуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, ал алтын азыр Кыргызстанда, өкмөт 61-62 миллион доллардан ашуун таза киреше болорун мерчемдөөдө жана ишкананын акчасы өлкөнүн ичинде сакталууда:

"Кыргыз Голд" компаниясынын акчасы Кыргызстандын банктарындагы эсептерде эле сакталып турат. Анын акчасын өкмөт же башка тараптар алып алган жери жок. Мурдагы тартипте эле иштеп жатабыз. Болгону бир чоң айырмачылык - мурда бул жакта өндүрүлгөн алтындын бардыгы сыртка чыгарылып кетип турса, азыр бул жактан сатылат. Мурда компаниянын акчасы чет элдик банктарда сакталса, азыр биздин Кыргызстандын банктарында”.

Жапаров өндүрүш иши өз орду менен уланып жатканын кошумчалады.

Кыргыз бийлиги мамлекеттик комиссиянын тыянагынын негизинде Кумтөрдү иштетип келген канадалык инвестор “Центерра Голдго” быйыл жазында 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Андан соң 17-майда "Кумтөр Голд" компаниясына убактылуу тыштан башкаруу киргизген. "Центерра" буга макул болбой, дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

22-сентябрда парламентте Кумтөр маселеси көтөрүлүп, депутаттар тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки абал тууралуу маалымат берүүнү талап кылышкан. (KJ)

XS
SM
MD
LG