Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Ажикеев Кыргызстанды МАГАТЭнин толук кандуу мүчөлүгүнө кошууну сунуш кылды


Бообек Ажикеев эл аралык агенттиктин Венада өткөн 65-сессиясында катышкан учуру.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстанды Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) толук кандуу мүчөлүгүнө кошууну сунуш кылды. Ал эл аралык агенттиктин Венада өткөн 65-сессиясында сүйлөгөндө мүчөлүккө кошулуу жараянын - көпкө созулган маселе деп атады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы 22-сентябрда билдирди.

“Жыйырмадан ашуун мамлекет, анын ичинде Кыргызстан Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин бир да аймактык тобуна кирген эмес. Топко мүчө болбогондуктан, биз агенттиктин органдарына шайлануу укугунан, мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатабыз. Бул нерсе МАГАТЭ мүчөлөрүнүн ортосунда теңсиздикти жаратууда", - деди министр.

Ажикеев бул көйгөйдү БУУнун башка структураларынын тажрыйбасын колдонуу менен чечүүнү сунуштады. Ал буга чейинки бир нече жолу кайрылуулардан майнап чыкпаганын кошумчалаган.

Кыргызстан МАГАТЭ менен биргеликте Борбор Азиядагы уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча стратегиялык башкы планын иштеп чыккан.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - атом энергиясын тынчтык максатта колдонуу чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм. Ал 1957 -жылы негизделген.

2017-2018-жылдары уюмдун Жетектөөчү Кеңешине 35 өлкө кирген. Уюмдун штаб-квартирасы Венада жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG